Айбат » Жети-Өгүздөгү митингдин «капитаны» Бактияр Курманов эки жолу соттолгонун эмнеге жашыргысы келет?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жети-Өгүздөгү митингдин «капитаны» Бактияр Курманов эки жолу соттолгонун эмнеге жашыргысы келет?

Жети-ӨгүзУшундай заман келди. Элди талап-тоноп, уруп-согуп, бычак малып жүргөндөр «эл баатырына» айлана башташты. Алардын бири кечээ жакында эле Жети-Өгүздөгү митингди кимдир-бирөөнүн телефон аркылуу берген буйругу менен «оңго, солго буруп» жүргөн Бактияр Курманов. Эс тарткандан тарта эле мушташ, уруш менен жүрүп, эки жолу соттолгон Бактияр Курманов үчүн «Кумтөрдүн» маселеси канчалык деңгээлде түйшөлдүрүшү мүмкүн? Деги эле кимдир-бирөөнүн кызарган жерин көрө калса эле, бычак малып болсо да, жулуп алгысы келген адамдар Кыргызстандын келечеги үчүн күйүшү мүмкүнбү? Өзүнүн бандиттерге тиешелүү мүнөзү бар экендигин ал ошол митингде дагы көрсөттү. Бензин куюлган бөтөлкөнү жерге чаап, ага от тутантып коркуткан ыкмаларды балким ал буга чейин да бир топ жерлерде колдонгон болушу мүмкүн. Ал эми дал ушундай «жигиттер» бийлик дегенде эки көзү төрт болуп турган саясатчылар үчүн абдан керектүү. Андыктан «Кумтөрдү» шылтоолоп бийликти алсыраткысы келген саясатчы сөрөйлөр мурда эки жолу соттолгонуна карабастан Бактияр Курмановду Жети-Өгүздөгү митингди башкарууга тандап алышканы көрүнүп турат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул жигиттин мурда эки жолу соттолгондугу далилденгенинен улам Президент Алмазбек Атамбаев Нарын жергесинде: «Жети-Өгүздөгү башаламандыктын башында эки жолу соттолгон бандит Бактыяр Курманов турган» деп билдирген. Ал эми «Кумтөрдү элге кайтаруу үчүн» аттуу кыймылдын мүчөсү Бактияр Курмановдун эч кандай соттолбогондугун, болгону 6 ай гана кармалып жатып, толугу менен акталоып чыкканын, ошол айылдагыларга жардам берип турган бизнесмен экендигин айтыптыр. Сүйлөй берсе эле сөз боло берет деп ойлошобу? Андай болсо, ИИМ министрлигинен берилген маалыматтарды кайда катабыз? Ал маалыматтарга ылайык, 1980-жылы жарык дүйнөгө келген Бактыяр Курманов 2004-жылы Жаныарыков деген жарандын денесине бычак менен жаракат келтирип, Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү тарабынан КР кылмыш кодексинин 104-беренеси менен кылмыш иши ачылган. Андан кийин деле акыл-эсине кирбеген Курманов 2008-жылдын 25-ноябрында талап-тоноочулук боюнча 167-берененин негизинде Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Курманов, Мушкожоев жана Иванов деген жарандар башында турган топ Мамбеталиева аттуу жаранды сабашып, андан кийин тоноп кетишкен болчу. Ошондон кийин жогоруда көрсөтүлгөндөй кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Өзүнүн мурда эки жолу соттолгонун жашыргысы келген Курмановго жол болсун. Же балким анын соттолгонун жашыруу ага буйрук берип турган саясатчылар үчүн керек болушу мүмкүн…



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru