Айбат » Данияр Үсөнов менен Садыр Жапаров бир кайыкта сүзөбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Данияр Үсөнов менен Садыр Жапаров бир кайыкта сүзөбү?

Усенов

Акыркы мезгилде «Элдик фронт» кыймылынын лидери Абдумалик Мырзаевдин ысымы саясат айдыңында көбүрөөк атала баштады. Анын Кыргызстандын байлыгын каалагандай майкандап, баштан ашкан байлык жыйнаган «эрдиги» үчүн Биринчи Май райондук соту тарабынан 15 жылга сыртынан эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун «кол жоолугуна» айланып, келиндей жүгүнө кызмат кылып, үлкөн митингдерди уюштурууну пландап жүргөнүн жазбаган гезит калган жок окшойт. Ал турсун, жаз айларында нааразычылык акцияларынын шылтоосу менен бийликти көңтөрүп түшөм деп чамынганын эркин басылмалар жазышкан. Дымагы күчтүү экен деп калганбыз.

Ушу жигит жума башында оппозиция болумуш этип жүргөндөрдүн башын кошуп, курултай өткөргөнсүдү. Данияр Токтогуловичтин мындай аракетин туура түшүнөбүз, бөлөк эл, бөтөн жерде батпай, мекенине кайтып келүү үчүн азыркы бийликке Мырзаевдин арты менен «согуш» ачканы талашсыз. Мындай изги тилегин орундатуу үчүн А.Мырзаевдин алкымын 300 миң долларга майлаганы, күтүрөгөн күздө миллиондордун көзүн карабай чачары айтылууда. Ошондой эле А.Мырзаев аркылуу оппозиция лидерлерине байланышка чыкканы туурасында кеп кетти. «Жел жүрбөсө терек башы термелбейт» демекчи, Абдумалик мырза жакында эле Бишкек шаардык соту тарабынан акталган, «Кумтөрдүн» арты менен бийликке жетсем дегенде «эки көзү төрт» болуп жүргөн «ата журтчу» Садыр Жапаров менен жолугушканын эшиттик. Жолугушууну «ата журтчунун» жатындашы Сабыр Жапаров уюштурган дейт. Жолугушуунун жүрүшүндө «ак төөнүн карды жарылган» мезгилде өтүүчү митинг-пикеттерди уюштуруу жана ага сарпталуучу каражаттар талкууланганы чынбы? Садыр Нургожоевичтин Мырзаевдин кебине муюп, аны катарына кошууга ниеттенгенине караганда, беркиниси финансылык жактан колдоо көрсөтүүнү убада кылганбы? Анда алдыда болуучу митингдерде: «Кумтөр» келишимин бузалы. Алтын кенин Кыргызстандын кызыкчылыгына иштетели» деп алтын шилекейин чачыратчу Садыр Жапаров Данияр Үсөновдун «ырын» ырдап, анын айтканын аткарып калабы? Убагында Кыргызстанды мите курттай соруп, кыргыз элинин байлыгын уурдаган экс-премьердин буйругун аткарууну көздөгөн Жапаровго эми эл кантип үмүт артсын?




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru