Айбат » Токон МАМЫТОВ, вице-премьер-министр: «Бакиевдер Кыргызстанга август-сентябрларда кайтып келиши мүмкүн»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Токон МАМЫТОВ, вице-премьер-министр: «Бакиевдер Кыргызстанга август-сентябрларда кайтып келиши мүмкүн»

Токон Мамытов

25 жылдык тажрыйбасы бар чекист, генерал-лейтенант Токон Мамытов бир жума мурун коопсуздук, тартип жана чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган. Жаңы кызматка келгенден кийин алгачкы маектеринин бирин Токон Мамытов «КирТАГ» агенттигине берди. Генерал анын депутаттык мандаттан баш тартып, кайрадан погон тагынууга эмнелер себеп болгондугу тууралуу айтып берди. Чек ара аймактарындагы конфликттер тууралуу комментарий берип, анан дагы Бакиевдердин кланынын Кыргызстанга кайтып келүү пландары боюнча оперативдүү маалыматтарынын айрымдарын ачыкка чыгарды.

- Сиз Максим жана Курманбек Бакиевдер боюнча кандай иш алып барасыз?

– Ачык эле айтып койгум келет, мамлекетибиздеги болуп жаткан кырдаалдарга экинчи президенттин үй-бүлөсүнүн кыйыр түрүндө гана эмес, түздөн-түз катыштыгы бар экендигин сезип турам. Биринчи кезекте элдик каршылыктарды уюштуруп жаткан бул адамдар, ошондой эле уктап жатып алып, кырдаалга көз салып турган, Кыргызстанга кайтып келүүнү кыялданган Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү бар экендигин унутпашыбыз керек.

Биздин акыркы маалыматтарыбыз боюнча, эгерде учурдагы кырдаал оңолбосо, алар 2013-жылдын август-сентябрь айларында Кыргызстанга кайтып келе тургандыктары тууралуу Бакиевге жакын чөйрөдөгүлөр айтып жүрүшөт. Менин оюмча эгерде Бакиевдерге жакын адамдар учурдагы кырдаалдан жана каршылыктарды жасап жаткан адамдардан акылдуулук менен колдонуп кетишсе, анда алардын үмүттөрү чындыктан алыс эмес. Анда сентябрь айында алар Кыргызстанга чындыгында эле кайтып келүүлөрү мүмкүн.

- А сиз эмне кыласыз? Кандай иш жүргүзөсүз?

– Менин оюмча Башкы прокуратура, Жогорку сот, укук коргоо органдары өтө так жана активдүү иштөөлөрү керек. Дестабилизация кылууга болгон аракеттерди токтотууга көптөгөн ыкмалар жана жолдору бар жана Бакиевдерди экстрадициялоого жетишсе болот.

- Легалдуу ыкмалар тилекке каршы пайда алып келбейт. Башка мисал келтирейин: Израилдик «Моссад» улутчул кылмышкерлерди дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен уурдап алган. Биздикилер анте албайбы?

– Минтип айтат элем  бул чалгындоо операциялары өтө кымбат турат. Эгерде бизде жетишээрлик деңгээлде финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо болло турган болсо, анда мындай операцияларды уюштурса болот. Бирок, мен иштин легалдуу ыкмалары тарабын колдойм, себеби бул мыйзамдуу. Жөн гана кылмыш ишин акылдуулук менен жүргүзүп, кылмышты акылдуулук менен документтештириш керек.  Кандай гана мамлекет болбосун, Белоруссиябы, Англиябы, Америкабы, же башка мамлекеттерби бизден материалдарды алып, ошол замат бардык суроолорго жооп бере тургандай кылып, Бакиевдердин кылмыштуу аракеттерине ишене тургандай кылып кылмыш иштерин иликтөө керек.

Дүйнөлүк коомчулук ушул өңдүү кылмыш иштеринин иликтөөлөрүнүн сапатына көбүрөөк көңүл бурат. Андыктан мен экс-президенттин жана анын жакындарына карата козголгон кылмыш иштеринин сапатына басым жасоону каалайт элем.

Маек кыргызчага кыскартылып которулду




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru