Айбат » “КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” мыйзам өзгөртүлдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” мыйзам өзгөртүлдү

жогорку сотӨлкө башчы мыйзам Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Ал “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 6- жана 61-беренелеринин ортосунда орун алган коллизияны жоюу максатында кабыл алынган.

Конституциялык мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгү менен Конституциялык палатанын судьяларынын чогулушу эгерде ага палатанын судьяларынын жалпы санынын кеминде 2/3 катышса, ыйгарым укуктуу болуп санала тургандыгы каралган, бул палатанын төрагасын, төрагасынын орун басарын жана судья- катчысын шайлоо үчүн зарыл жана жетиштүү.

Ошону менен бирге 61-берененин 2-бөлүгүндө Конституциялык палата анын толук курамы түзүлгөндөн кийин Конституциялык палатанын төрагасын, төрагасынын орун басарын жана судья-катчысын шайлайт жана токтоосуз ишке киришет деп көрсөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 2-бөлүгүнө өзгөртүү киргизилет, ага ылайык Конституциялык палата анын ыйгарым укуктуу курамы, башкача айтканда судьяларынын жалпы санынын кеминде 2/3 түзүлгөндөн кийин Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын, судья-катчысын шайлайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru