Айбат » Бишкектин мэри ар бир райондо 6дан спорт аянтча курууну убада кылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкектин мэри ар бир райондо 6дан спорт аянтча курууну убада кылды

иса омуркуловКечээ, 27-июнда Бишкектин мэри Иса Өмүркулов шаардык кеңештин депутаттары алдында отчет берди. Ал 2010-жылдын апрель айынан тартып 2012-жыл, жана үстүбүздөгү жылдын беш айында шаардык муниципалитеттин кылган жумуштары тууралуу айтып берди.

Берлиген маалыматка ылайык, 2010-жылы оор атлетика жана улуттук спорт боюнча эки жаңы спорт мектеп ачылган. Ушул эле мезгилде 82 спорт аянтчасы жана 32 короо бассейндери оңдолгон.

“Быйылкы жылы биз ар бир райондо 6дан спорт аянтча курууну пландап жатабыз. Ага 5 млн сом сарпталат”, – деди мэр.

Ошондой эле мэр каражаттын тартыштыгына нааразы болду. Себеби, бюджеттин аздыгынан улам спорт базаларды куруу жана аларга инвентарь алуу мүмкүн болбой турат.

Андан кийин Өмүркулов Бишкекте үч жылда 100 ашык турнир, 36 спартакиада, 303 чемпионаттар өткөрүлгөнүн маалымдады.

Акыркы кезде спорттук разряд жана наам алган спортчулардын көбөйүп калганы байкалып жатат. Эи жылда дүйнө жана Азия чемпионаттарынан 117 алтын 156 күмүш жана ушунча эле коло байге алынып келинген”, – деди шаар жетекчи.

 

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru