Айбат » Турсунбай Бакир уулу: Депутаттар мени акыйкатчы болуңуз деп атат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Турсунбай Бакир уулу: Депутаттар мени акыйкатчы болуңуз деп атат

Турсунбай Бакир уулуЖогорку Кеңештин депутаттары жаңы акыйкатчыны шайлоо үчүн кезексиз жыйынга чогулуусу керек. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу “ВБ”га билдирди.

“Мыйзам боюнча акыйкатчы кызматынан кеткенден кийин бир айдын ичинде жаңысын шайлоо керек”,- деди ал.

Бакир уулу ошондой эле депутаттар аны акыйкатчы болуңуз деп көндүрүп атканын кошумчалады.

“Кечээ мен акыйкатчынын ордуна атаандашпай турганымды билдирдим. Бирок депутаттар мени андай ойдон баш тартуумду суранышууда. Мен азыр акыйкатчылык орунга ат салышып, же салышпай турганымды чече элекмин. Менин чечим кабыл алуум үчүн бир ай убакыт бар. Мен Турсунбек Акундан кийин акыйкатчы институтун кайтадан калыбына келтирүү оор болот деп коркуп атам”,- деди ал.

Эскертсек, кечээ парламент депутаттары Турсунбек Акунду ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун колдоого алган болчу.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru