Айбат » Сабыр Муканбетов: “Эмилбек Каптагаев эми Ысык-Көлдү да түндүк-түштүккө бөлө баштады”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сабыр Муканбетов: “Эмилбек Каптагаев эми Ысык-Көлдү да түндүк-түштүккө бөлө баштады”

э каптагаевКече, 27-июнда Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылына чогулушкан 600 дөн ашуун ысыккөлдүктөр Ысык-Көл облусунун башчылыгына Эмилбек Каптагаевдин дайындалганына нааразылык билдирип чыгышкан”, – бул тууралу бизге белгилүү журналист, КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетов билдирди.

“Чогулган эл Эмилбек Каптагаевдин көзүнө “Отунбаеванын аппарат жетекчиси болуп турганыңда ысыккөлдуктөрдү экиге бөлүп, бугуларды “Катын бугу!” дедиң эле, саяктар менен бугуларды бири-бирине карама-каршы коюп, эл бузар болгонсун! Эми уялбай биздин алдыбызга кайсы бетиң менен келдиң?” деп Жети-Өгүздөн кууп чыгышкан. Аны менен кошо келген вице-премьер Токон Мамытовго эл “премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге айта бар. Эл бөлгөн Эмилбек Каптагаевди биз иштетпейбиз. Ал эл мүдөөлөрүн билбейт. “Кумтөрдүн” көйгөйүн чече албайт деген”, – деди Сабыр Муканбетов.

“Жети-Өгүздөн куулган  Эмилбек Каптагаев, Караколго барып обладминистрацияга олтуруп алганын уккан эл түп көтөрүлө Караколго жөнөшкөн ал жерден да кууп чыгалы деп. Эл Караколго жете бергенде угуп калган Каптагаев “Тоңго кеттим” деп коюп, Ысык- Көлдүн түндүгундөгү өз айылы Чок-Талга сызып кетиптир. Обладминистрацияга жете барган эл Каптагаевди таппай калышты. Анан Каптагаев түнү бою Чок-Талда урук-туугандарын, “Черныйларын”, спортсмендерин жалдап, 200 дей кишиси менен “Азыр барып обладминистрацияны кайра басып алам, жетиөгүздүк менен караколдуктарга көргүлуктү көрсөтөм” деп опурулуп чыккан экен. Караколго жеткиче улам бөлүнүп олтуруп, 200 дөн араң гана 30 киши жетиптир. Анан Караколдогу 20 дай тууганын кошуп, бүгүн 50 дей киши менен митинг өткөрүштү. “Стабилдүүлүк керек, туризм сезонун бузбагыла!” дешет. Эмне Каптагаевге стабилдүүлүк ал кызматка барганда эле керекпи? Андай болсо эмнеге элди саяк менен бугуга, түндүк менен түштүккө бөлүп жатканда стабилдүлүк жөнүндө ойлонбоду? “Катын бугу!” деп кемсинтип жатканда стабилдүүлук керек эмес беле? Апрелге жамынган ар кандай коомдук уюмдарды саясый оюндарга  пайдаланганда Каптагаевге стабилдүлук керек эмеспи? Анан да эмне туризм бир гана Каптагаевге байланып калганбы? Каптагаев кызматтан кетсе эле туристтик сезон бузулуп, кетпесе бузулбай калабы?”- дейт КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетов.

“Ысыккөлдуктөр Каптагаев бүгүн минтип антимитинг уюштурарын билбей калган. Азыр буларды угуп алып ачууланышып, бир-эки күндүн ичинде жыйналып, Эмилбек Каптагаевди Чок-Талга жеткире кууп чыгабыз”, деп жатышат. Анан көлдүн саяктарынын лидерлеринин бири Өкмөтбек Алмакүчуковго кайрылып “ушинтип элди бөлгөнүңөр, саяк менен бугуну карама-каршы койгонуңар уят эмеспи?” десек. “Ой, аны биз да билбей калыппыз. Каптагаев өзү эле уюштуруп кетип калыптыр. Керек болсо Каптагаев саякмын дегени менен саяк эмес экен, изилдесек сарт-калмак болуп чыкты. Биз азыр аны саяктардан бөлүп койдук. Саяктардын иш-чараларына чакырбай калдык, Биз элди бөлгөндөрдү колдобойбуз деди”, – дейт Сабыр Муканбетов.

 KyrgyzToday.kg 

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru