Айбат » Камчыбек Ташиев Оштогу митингде кайрадан бул бийликти кетирүүгө чакырды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Камчыбек Ташиев Оштогу митингде кайрадан бул бийликти кетирүүгө чакырды

камчыбек ташиевБылтыр 3-октябрда кадимки Чыңгызханды мисал келтирип, 20 «баласы» менен Ак үйдү басып алам деген Камчыбек Ташиев 9 ай УКМК абагына жатып чыкты. Ал Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын өкүмүнүн негизинде темир тордон бошотулуп, чоң балээден кутулду. Алдыда Жогорку соттун чечими турганын эсинен чыгардыбы же калдайган жактоочуларынын карааны дем бердиби, 23-июнда Оштун борбордук аянтында кайрадан бийликти басып алуу чакырыгын таштады.

Эртеңки күнү адатынча танып чыкпасы үчүн Камчыкенин айбаттуу кебин сөзмө-сөз келтирели: «Эгерде бүгүнкү мамлекеттин жетекчилери эсине келбесе, анда биз аларды «кет, бийлик» деп айтышыбыз керек, туугандар. Анда биз сиздерге кайрылабыз, анда биз сиздерге ишенебиз жана сиздер менен бирге биз мындай бийликти кетирип тынабыз, туугандар».

УКМК абагындагы тогуз айлык жашоо Ташиевге сабак болбогонбу же дагы бир билгени барбы?

Булак: “Жаңы Агым”. 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru