Айбат » Жоомарт Оторбаев Польшанын вице-премьер-министри менен жолугушту

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Жоомарт Оторбаев Польшанын вице-премьер-министри менен жолугушту

жоомарт оторбаев

Биринчи-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Уюмунун (ЭКӨУ) Варшава шаарында өткөн конференциясынын алкагында Польша Республикасынын вице-премьер-министри менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Жоомарт Оторбаев Польшанын инвестиция чөйрөсүндө Кыргызстандын жигердүү өнөктөшү болуп калышы үчүн бардык өбөлгөлөр бар экендигин белгиледи. Мунун айкын мисалы катары Жоомарт Оторбаев Түркиянын тажрыйбасын келтирди. Ошондой эле Жоомарт Оторбаев Кыргызстан Польшанын динамикалуу өнүгүп жаткан Кытай рыногуна чыгышы үчүн көпүрө болуп бере алаарын айтты.

Януш Пехочиньский кесиптешинин пикирин колдоду жана айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү, туризм тармактарын, муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке менчик кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ошондой эле экологиялык таза азык-түлүктөрдү өндүрүүнү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү ишиндеги келечектүү багыттар катары белгиледи.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru