Айбат » Алматыда экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Алматыда экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев кармалды

123

28-июнда, саат 14.00дө Алматы шаарынын Бостандык районунда экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев милиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу Алматы шаарынын ички иштер департаментине таянып жазып чыкты.

Адил Тойгонбаев Бостандык районунун Калкты тейлөө борборуна келип, уулуна документ жаздырып жаткан учурда кармалган. Департаменттин  маалымат катчысы Ермек Болтаевдин айтымында, Адил Тойгонбаевге кыргыз укук коргоо органдары тарабынан 2005-жылы эле эл аралык издөө жарыяланган.

Ал “алдамчылык”, “уурулук” жана “салыктан качуу” сыяктуу  үч кылмыш беренеси менен айыпталган. Болтаевдин айтуусунда, Адил Тойганбаев буга чейин да кармалган. Бүгүн болсо, андан тил кат алынып, үйүнө чыгарылды. Адил Тойгонбаев казак жараны болгондуктан, Кыргызстанга экстрадиция кылбайбыз, дейт Ермек Болтаев.

Адил Тойгонбаев Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаеванын күйөөсү. 2005-жылкы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Бишкектен Алматыга качып кеткен. Ал эми Кыргыз Республикасынын Генпрокуратурасы аны токтоосуз камоого ордер берген.

Адил Тойгонбаев Алматыда үй-бүлөсү бар экенин жашырып, Бермет Акаевга үйлөнгөндөн кийин Кыргызстандагы көп мамлекеттик бизнести өз колуна алган. Арак чыгару жана сатуу, күйүүчү жана майлоочу нефть продуктылары жүгүртүү, реклама бизнеси анын колунда болгон. Азыркы  депутат Шаршенбек Абдыкеримовго атактуу “Аюу” арагын жана башка спирт ичимдиктерин чыгарууга лицензияны азыркы экономика министри Темир Сариев ортого түшүп Адил Тойгонбаевден кайра-кайра суранып жатып, алып берген.

Генералдык прокуратуранын айтуусу боюнча “Тойгонбаевдин “Аалам сервис” ишканасы 6 жыл бою “Манас” аэропортуна монополдуу түрдө авиакеросин сатып келген. Тойгонбаевдин фирмаларына көптөгөн кыргыз чиновниктери мыйзамсыз колдоолорду көрсөтүп келишкен. Кирешелерин жашыруу максатында Тойгонбаев өзүнүн “Аалам сервис” фирмасына авиакеросинди өзүнүн эле чет элдик оффшорлордогу ишканаларынан киргизип турган. Кирешенин баары ошол оффшордук компаниялардын эсебинде калган. Тергөөнүн далилдөөсү боюнча Тойгонбаев авиакеросинден эле 1999-жылдан тартып 16,5 миллион доллар кирешени жана 1,3 миллион доллар салыкты жашырып койгон.

Алматы Ички иштер департаментинин билдирүүсү боюнча казак милициясы кыргыз тараптын суранычы боюнча 2011-жылы августта Адил Тойгонбаевди кармап, тез арада Кыргызстанга өз эрки менен суракка барам деген убадасын  кагаз жүзүндө алып анан коё берген. Бирок, Адил Тойгонбаев алигиче өз эрки менен Кыргызстанга барбай жүрөт. Ошондуктан ал Кыргыз бийликтери тарабынан изделген кылмышкер катары калууда.

 KyrgyzToday.kg

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru