Айбат » Жетимиш бир жаштагы Курманбай абышка он беш жылга соттолду…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жетимиш бир жаштагы Курманбай абышка он беш жылга соттолду…

123

“Ачык саясат плюстун” 2013-жылдын 15-мартында чыккан санында “Абышканын сакалы менен ойногон Ысык-Атанын орган кызматкерлери” деген макала чыккан. Бул макалада 5 жашар кызды зордуктаган деген жалган жалаа менен күнөөлөнүп,  Ысык-Ата райондук соту тарабынан 15 жылга кесилген 71 жаштагы чал Курманбай Мукамбетов тууралуу айтылган. Өзүнүн бизге берген билдирүүсүндө Ысык-Ата райондук кызматкерлери сурак кылып, “Энеңди урайын, энеңди с… кылайын, чал, айт азыр, сакалыңды өрттөп салам” деп, бөтөлкөгө суу куюп алып башка чапкылап,  небересиндей болгон оперлер сөгүп, сай-сөөгүн сыздатып, акырында бир баракка колун күчтөп койдурушкандыгы тууралуу айткан эле. Кийин Чүй областтык прокурорлор тарабынан бул иш каралып, 4-июнь 2013-жылы Чүй областтык сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында төрагалык кылган Джумагулов, судьялар Садырбеков, Исаев, соттук отурумдун катчысы Базарбаева, котормочу Султанов, мамлекеттик айыптоочу Токбаев, жактоочу Токтомушеванын катышуусунда,  жабык  эшик артындагы соттук отурумда  Курманбай Муканбетовдун иши каралып, соттун чечиминен улам кайрадан Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун  өкүмүн  күчүндө калтырып,  71 жаштагы карыяны сот залынан камакка алышты.  Жабырлануучу беш жаштагы  кыз менен келген тарбиячысын бир-эки суроого тарталы дегенибизде, макулдугун берген жок. “Кайсы балдар үйүндө тарбияланып жатат?”  деген сурообузга да жооп берүүдөн баш тартты. Прокурорго суроо менен кайрылганыбызда, ал биздин суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.  Соттун чечимине  нааразы болгон карыянын кемпири, бир-туугандары, балдары редакцияга келип, окуяны кайрадан баяндап беришти.

Мира Токтомушева, адвокат:

– Эми менин айтар сөзүм, оор кылмыш болуп катталгандан кийин сот адилеттүү карап изилдеп чыгыш керек болчу. Бул ишти кайрадан прокурорлор козгоп жатышат. Алардын айтымында бул иш резонанстуу болгондуктан, кайрадан боштондугунан ажырашы керек деп жатышат. Сот ишинин жүрүшүндө менин болгон ходотайствомдун баарын четке кагып жаратпай салды. Бул жерде экспертизанын жыйынтыгы боюнча Мединанын кыздык белгиси бузулбаган, сексуалдык катнаш болгон эмес, ал эми абышка жыныстык катнашка жарабайт деген жыйынтыктар да эске алынбай жатат. Бүгүнкү ходотайствомдо мен кызды кайрадан стационардык изилдөөлөрдү жүргүзүү керек, тест аркылуу комплекстик-психологиялык экспертиза кызга жүргүзөлү, кыздын өнүгүшүндө кандайдыр бир тоскоолдуктар болуп жатпайбы, бирөөлөрдүн түрткүсүнөн улам калп айтууга бардыбы деген изилдөөлөрдү жүргүзүү керектиги тууралуу айтканым четке кагылды. Эч бирин канааттандырбай койду. Кайрадан менин үстүмөн арыз жазып жатышат. Иштин баары эле анык-ачык көрүнүп жатат, бирок эмнеге мындай өкүмдү чыгырып жатышканы белгисиз…  Туура изилдөө, тергөө жүргүзбөй жаткандыгына караганда  бир мандем бар болуш керек.

Роза Акматалиева, жубайы:

– Бизге 7-май күнүнө сотко келүү тууралуу повестка келди, биз бардык. Барганда мурдагыдай эле жабык сот болуп, абышкамды кайрадан камакка алышты. Биз эч нерсесин түшүнбөй эле отуруп калдык. Сот иши кайрадан 4-июнь күнү каралат деп билдиришти. Ал эми 4-июнда болгон сотто кайрадан 15 жылга кесип салды. Эмне себептен мындай кылып жатышат? Биз эч нерсе билбей калдык. Биз эмес, адвокатыбыз да эч түшүндүрө албай калды.

Элдияр Акылбеков, уулу: “Мен атамды өзүм эле өлтүрүп коймокмун”

– Мен айтылып жаткан Сарыбаева Мединаны жана анын иниси Болотту өзүм үйгө алып келгем. Дордойдун бир мечитинде имам болчумун. Ана мага бир тааныш балам келип, бул эки баланы медресеге орноштурууга жардам берүүсүн суранган. Бирок балдар  9 жашка чейин медресеге алынбагандыктан, биринчи атасы менен жашаган жаш балдардын үйүнө барып бир аз жардамдарды кылып жаттык, анан аларды батиринен чыгарып жибергенден кийин, атасы бутуна турганга чейин мен балдарды ата-энем карап берсин деп макулдашып алып келгем. Атасы да келип көргөн, ал Дордойдо тачка түртүп акча таап жүргөн, кийин дайынсыз болуп калды. Мага биринчи жолу бул тууралуу маалыматты айтканда мен мечиттен намаздан  чыгып келе жаткам. РИИБден чалганда, “Атаң Мединаны зордуктап, жамбашы чыгып кетиптир” деп айтканында мен кызуу кандуулукка алдырып, атамды барып сабап, өлтүрүп коем го деп ойлогом. Үйдү көздөй бара жатканда, мага кайрадан чалып РИИБгө кел деп айтышты. Мен барып эле, Жумабаева Элмира кармап турган Мединаны карадым, бирок эч кандай жамбашы чыкпаганын көрүп, бул эмне деп ойлоп калдым.

– Бизге милиция тараптан  Курманбай ата мурда Ат-Башыдан да кыз зордуктап, анан бул жерге келди деген маалыматтар да түшкөн, бул тууралуу эмне деп айта аласыз?

– Мен өзүм да, бир туугандарым да ыйман жолунда жүргөн адамдарбыз, Кудай сактасын, эгерде ошондой болгон болсо, мен атамды өзүм эле өлтүрүп коймокмун. Анткени менин да карындаш, эжелерим бар. Бишкекте иштеп, бул жерден жер алгандан кийин ата-энем карып, мал-жан караганга, жерди иштеткенге алсыз болуп, мен  айылга чанда барып калганыма байланыштуу ата-энемди бул жакка алып келип алгам. Эгерде андай болсо, ошол мезгилде соттоп камакка алат болчу да, бул тууралуу Жумабаева Элмира да “14 жаштагы кызды зордуктап качып келгенсиң” деп айтып жаткан, бирок мен буга маани деле берген эмесмин. Көрсө, ушундай маалыматтарды чыгарып, өзүн актап жаткан тура. Азыркы болуп жаткан соттордун чечимдери да туура болбой жатпайбы, эч далилсиз, эч ким көрбөй билбей эле, ошол эле учурда экспертизалардын жыйынтыктары таза экенин  көрүп туруп, ак жерден чалды каралап жатышат.

Нуриза Акылбекова, кызы: “2-октябрь күнү сиңдибиздин өлүгүн таптык”

– Элмира Жумабаеванын атама асылганы асылган. Биз канча жерге барган жокпуз. Бул аялдын биринчи сотто эле айтканы болду, «Мен сени соттотом, каматам»  деген сөзүнө акыры  жетти окшойт. Бул жерде айта кетчү нерсе, бул 4-июнда болгон сотто айтылып жаткан жабырлануучу кызды жанында тарбиячысы менен коштоп алып келди, анткени ал кыздын атасы кайда экени белгисиз. Жашы жетелек өспүрүмдөрдү ата-энеси, улуу бир туугандары сотко келгенде же тергөөчү суракка алып жатканда жанында болушу керек экен.  Бирок менин атама иши козголуп баштаган учурда биздин 13 жашар сиңдибизди эч бир улуулардын коштоосу жок эле Жумабаева Элмира үйдөн чыгарып берип, тергөөчүгө суракка алдырып барган, анысы жетишпегенсип актай баракка кол койдуруп алган. Эмне себептен укук коргоочулар мыйзамды бардык жерде бирдей карабайт? Ошол мезгилде тергөөчүлөрдүн айтымында ал кызга атамды күбө деп айтат, бирок кылмышка шектүү адам болуп  ага жалаа жабылып жаткандан кийин  эч качан күбө боло албайт. Андан кийин адвокатыбыз эмне себептен жашы жетелек кызды коштоосу жок суракка алдыңар деген суроого, жанында байкеси бар болчу деп айтышты, бирок байкеси үйдө уктап жаткан. Эки сүйлөгөндөрү бизге шек жаратып жатат. Биринчи Ысык-Атада болуп өткөн сотто 15 жыл камакка кетсин деген өкүм чыккан, бирок кайрадан областтык сотто кайрылганыбызда акталып чыккандан кийин эле кайрадан ошол эле Чүй областтык соттон каматып салганы акыйкаттын жоктугу болуп жатат. Экспертизалардын жыйынтыктары бар болгон күндө да, эч нерсесин эске алган жок. Мейли аны карабасын бирок биздин сиңдибиздин ишин деле ушундай акыйкаттык менен чечип бербейт беле. 2011-жылы 27-сентябрда болгон сотто сиңдибиз  көргөн билгенин, “Элмира Жумабаева тергөөчүгө алып барып актай баракка кол койдуруп, андан соң тергөөчү экөө спирт ичимдиктерин ичкен”- деп баарын айткандан улам, сот процессин 5-октябрь күнүнө жылдырган, ошондон кийин эле 2-октябрь күнү сиңдибиздин өлүгүн таптык. Бул жерде сиңдибиз киши колдуу болуп өлдү деп ойлойбуз. Бул тууралуу эч бир тергөөчү иш караган  эмес, областтык соттон атабыз акталып чыккандан кийин эле сүйүнүп сот менен алышып жүрө бербейли деп эч бир чара көргөн жокбуз. Бирок   кайрадан  эле областтык сот ишти  карап атабызды 15-жылга кесип салды. Жогорку жактарга айтаар сөзүм, соттор актайм деген кишини актайт, каралайм дегенин каралайт, бирок бул ишке 40 жаштагы кишини барды, же алты саны аман кишини бул ишке барды деп айтса мейли эле. Бирок тубаса майып, 70-жаштагы чалды бул ишке барды деп экспертизалардын жыйынтыгынан кийин да каралап жатканы туура эмес да.  Сот процессинде адвокатыбызга да “бул эмне сенин тууганыңбы ?”- деп да айтыптыр, кеп бул жерде тууганчылыкта эмес, чындыкта, акыйкаттыкта болуп жатпайбы. Жогорку жака кайрылаар элем, батаасын деле берээр аксакал, өз атасын ойлоп, бул иштин чындыгына ишенип, атабызды актап берет деп суранат элем.

Данияр Акылбеков, уулу: “Ысык-Ата соту атамды актап беришине чоң суммадагы акча сураган”

– Биз бул иш менен 2011-жылдан бери алышып келе жатабыз. КЖКнын  жеңилдетүү беренелери деле бар. Мен юридикалык академияда окугандыктан бир аз да болсо бул жааттан кабарыбыз бар. Тергөө учурунда кандай жолдор менен мойнуна алдырган фактыларды да өз көзүбүз менен көрүп калдык. Биздин атабыздын да айтып жатканына ишенет элем, анткени боклашкага суу куюп алып башы көзүнө койгулаганда  денесинде тактар калбайт, бирок ичинен  баары-бир жабыр тартат. Мындай нерсени окуп, практикада жүргөндө эле көрүп түңүлгөнбүз. 4-июнь 2013-жылы Чүй областтык сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү  иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында төрагалык кылган Джумагулов, судьялар Садырбеков, Исаев, мамлекеттик айыптоочу Токбаев, жана адвокатыбыз Токтомушева Лира эженин катышуусунда  жабык сот болуп, иш каралды. Бул иш Ысык-Ата райондук соттун чечиминин көчүрмөсү болуп, атабыз кайрадан 15 жылга соттолду. Чүй областынын прокурору бул иш тууралуу “Бул резонанс иш” – деп айтып жатат. Бул сөздү Ысык-Ата РИИБнин тергөөчүсү Айткулова да айткан. Бул жерде чалды беш жаштагы кызды зордуктады деген жалааны коюп жатат, бирок  экспертизинын жыйынтыгынан улам мындай жаракатты ар кандай учурда алышы мүмкүн экен. Атабызды актап бере турган болсо, анда президентибиз Атамбаевге чейин кайрылалы деп ойлогонбуз. Биздин оюбуз боюнча бул иштин үстүнөн карагандар аксакалды камакка алуунун эле амалдарын көрүп  жатышат. Эгерде биз 2013-жылдын 4-июнунда чыккан чечимине таянсак, жашы жетелек жабырлануучунун зордукталгандыгы тууралуу далилдер табылган эмес деп жатат, ал аксакал оозуна салган деп жазылып жүрөт, ал кызды көтөрүп оозуна салдырмак тургай өзүн араң көтөрүп жүрөт. Бизге Ысык-Ата сотунда жүргөндө бул аксакалды актап беришине чоң суммадагы акча сурашкан, бирок биз акча бералбайбыз деп билдирдик. Азыр кайсы жерге барба акты сатып аласыңар деп бетиңе эле айтат экен. Андай болсо биздин калыс соттордун эмне кереги бар? Менин жеке оюм боюнча, кыргызда макал бар эмеспи “Карга карганын көзүн чукубайт” деген, бул жерде дал  ошол жагдай  болуп, биринчи ишти туура эмес караган кесиптештеринин артын жаап, карапайым, чөнтөгүндө сокур тыйыны жок абышканы түрмөдө чиритиш буларга туура болуп жатат. Азыр биздин ИИМде реформа болот деп жатат, эгерде ошо реформа эртерээк болсо, анда челдин астында жаткан ирик-чириктерден арылабыз деген ниеттебиз. Бул болгон иштердин баарынын  автору биздин кошуна Элмира Жумабаева болуп жатат, анын өзүнүн айтымы боюнча башында караган бардык милиция кызматкерлеринин баарын өз колуна алган, ал эми кийинкилер анын артын жабыш керек болуп жатат.

Рысбүбү Асанова, келини:

– “Ак үйдү басып алам деген Ташиевди деле кое беришти го”

– Бул жерде байкем менен жеңем кол кармашып жашап келишет, бирок балалуу болгон эмес. Баласы имам болуп көчөдө калган балдарды алып келип, аларды өз баласындай  багып жатып бул ишти кылды деген жалаа акылга сыйбаган көрүнүш болуп жатат го. Эгерде акыйкат болсо, чындыкты караган киши болсо анда калыстык менен абышканы чыгарып береттир. Биз барган жердин баарына бардык, калганы бир гана Жогорку сот болду. Эми ал жерге кайрылып калыстыкты, акыйкатты күтөбүз. Эгерде бул чечим менен эле кала турган болсо анда биз атабыздын сөөгүн эле чыгарып калганы жатат окшойбуз. Бул чечимди чыгарбай эле анда бизге сөөгүн эле берсе болмок экен. Сот процессинен кийин байкуш чал балдары менен учурашып алайын деп  турса, милиция кызматкерлери жулкулдатып алып кирип кетти. Майып акскалга жеңилдиктерди деле кылса болот да, канчалаган адамдарды өлтүргөн Батукаевди деле чыгарды, темир тордон секирген Ташиевди деле кое берип эми депутаттык мандатын кайрадан берди. Анын жанында өкүмдө айтылгандай зордуктоого эч бир далили жок  чалды камаганы туура эмес болуп жатат.

Редакциядан:

Жогорудагы окуя боюнча гезиттин өткөн сандарда чыккан эле. Ал жерде Ысык-Ата РИИБнүн оперкызматкери жана тергөөчүнүн мыйзамсыз иштери көрсөтүлгөн. Бирок, Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат деген “дежурный” жооп келген. Ошол бойдон жабылуу аяк жабылуу бойдон калды… Көрсө, милицияда оперлер менен тергөөчүлөр өз билгендерин кылышып, өтүктөрүн төргө илишип жүрө берет тура…

Алина Токтакунова

Булак: “Ачык саясат”




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Доку:

    азыркы сот жана органдарда уят деле жок, оозго алдырып ташташкан го

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru