Айбат » Абдыжапар Бекматов: “Турсунбек Акундун сотко кайрылууга укугу бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Абдыжапар Бекматов: “Турсунбек Акундун сотко кайрылууга укугу бар”

Bekmatov A 07022013Кызматтан кеткен Акыйкатчы Турсунбек Акундун ордуна ким келери сентябрь айында белгилүү болот. Жакын арада бул орунга талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыяланат жана талапкерлердин арыздары фракцияларда каралат. Бул тууралуу маалымат жыйынында депутат Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, кызматтан четтетилген Турсунбек Акун өзүнүн укугун коргоо үчүн сотко кайрыла алат.

“Акыйкатчыны кызматтан бошотуу боюнча парламенттин токтомун сот аркылуу жокко чыгарууга укугу бар. Эгер сот анын пайдасына чечим кабыл алса Жогорку Кеңеш баш ийет”, – дейт ал.

Эске салсак, кызматтан четтетүү боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмү каралып аткан учурда акыбалынын начарланышына байланыштуу Турсунбек Акунду тез жардам алып кеткен. Акыйкатчыны кызматтан кетирүү боюнча депутаттардын көпчүлүк добушу менен чечим Т. Акундун катышуусусуз кабыл алынган



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru