Айбат » Президент Судьяларды тандап алуу кеңеши сунуштаган талапкерлерди колдогон жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Президент Судьяларды тандап алуу кеңеши сунуштаган талапкерлерди колдогон жок

атамбаевПрезидент Алмазбек Атамбаев Судьяларды тандап алуу боюнча кеңеш сунуштаган райондор аралык соттордун талапкерлери боюнча баардык материалды артка кайтарды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Атуулдар менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сотторду тандап алуу боюнча конкурстун жүрүшүндөгү кемчиликтер боюнча кайрылуусун, ошондой эле Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын соттордун кызматына конкурстук тандоону жакшыртуу боюнча позициясын эске алып, президент Судьяларды тандап алуу боюнча кеңеш сунуштаган райондор аралык соттордун талапкерлери боюнча баардык материалды артка кайтарды.

“Судьяларды тандап алуу боюнча кеңештин чечими менен райондор аралык соттун судьяларынын бош кызмат орундарына 26 талапкер сунушталган.

Судьянын кызматына талапкер болгондордун жана иштеп жаткан судьялардын документтерин, компетенттүү мамлекеттик органдардын маалыматын, жарандар менен чарба субъектилеринин, анын ичинде чет элдик инвесторлордун президенттин аппаратына келип түшкөн райондор аралык соттордун ишмердүүлүгү тууралуу арыздарын карап чыгып, мындан тышкары укук коргоо уюмдарынын, ЖМКнын маалыматын көңүлгө алганда мен райондор аралык соттор өткөн тандоо объективдүү болбой калды деп күмөн жаратат деп эсептейм.

Жогоруда тизмектелгендин негизинде, ошондой эле “Кыргыз республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз республикасынын райондор аралык сотторунун кызматына талапкерлердин баарынын материалдарын артка кайтарам”,- деп белгилейт президент




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru