Айбат » Мутар Арапбаев ээрден оогону калдыбы же.

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мутар Арапбаев ээрден оогону калдыбы же.

арабаевЖалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаевдин ээрден көчүгү кылтайып калды көрүнөт. Жакында шаардык кеңештеги “Өнүгүү” фракциясы ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин карашкандыгы да бекеринен эмес. Кийинки кездери Муктар мырзага нааразычылык көбөйүп кетти, буга анын шаарды өнүктүрүүгө салымы болбой жаткандыгы себеп болууда. Муктар мырза шаар мэри кызматын аткарып жаткандыгына 4 айдын жүзү болсо да, шаардык кеңештин кароосуна шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын долбоорун сунуштабай жаткандыгы айтылууда. Шаар депутаты Нурбек Исмаиловдун маалыматына таянсак, шаар мэринин жергиликтүү жеке ишкерлерге кысым жасап жаткандыгынан улам алардын нааразычылыгы күчөп баратыптыр. Айтмакчы, Муктар Арапбаев бул кызматка көптөгөн ызы-чуулар  менен шайлангандыгы белгилүү. Өзү КСДПдан, бир тууганы Азамат Арапбаев “Ата Журт” партиясынан ЖК да депутат. Демек, Муктар мырзанын кайсы партияга жан тартаарын, бийликке же оппозицияга ыктаарын өзүнөн башка эч ким билбейт. Ошондуктан М.Арапбаевди кимдин “ити чөп жесе” ошонун көзүн карап калат дешет. Өткөндө “ташиевчилер” Жалал-Абадда обладминистрацияны басып алып, Барпыда жол тоскондо аларга бөйпөңдөп барып, берчүсүн берип, кошчусун кошуп келгенин көргөндөр бар. Шаардык кеңеш Муктар мырзага ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатат дебедикпи. Непадам, шаардык депутаттардын ага карай ачуусу тарап калса, аларды секин “жамбашка салып” жайгарып койду дей бергиле. Бул жагынан Муктар мырзанын “опуту” чо-оң!




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru