Айбат » “Залкар” банкын сатуунун артында ким турат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » “Залкар” банкын сатуунун артында ким турат?

залкар банкБеш жолу ийгиликсиз өткөн аукциондон кийин акыры инвестор табылып, Россиянын “Инвестициялык соода-бизнес-холдинги” (“ИТБ-Холдинг” ААКы) “Залкар” банктын акцияларынын 90 пайызын 193 млн.сомго сатып алды. Кыргызстан 2011-2017-жылга чейин экономикалык-социалдык өнүгүү боюнча программа кабыл алганы жалпыга маалым. Ага сөзсүз түрдө сырткы донорлордун, мисалы, Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу, жактыруусу керек эле. Алар койгон талаптардын бир пункту дал ушул “Залкар” банкты сатуу болчу. Андыктан, бул чет элдик каржы уюмдарынын талабы болгондуктан, банк эртеби-кечпи сөзсүз сатылмак. Бирок, ошентсе да банктын сатылуу процесси, сатылган баасы бир топ суроолорду пайда кылбай койбойт. Көз карандысыз экспертизалар борбору “Залкар” банкын 1 миллиард 80 млн.сом (!) деп баалаган. Бирок, үч жолку аукциондо кардар келбей койгон соң, бул баа 35 пайызга чейин кыскарып, акыркы баасы 702 млн. сомго түшкөн. Банк болсо 36 филиалы менен болгону 193 млн. сомго сатылып отурат. Анын Кыргызстан боюнча 42 объектиси бар экен. Алардын баланстык наркы эле 420 млн. (!) сомду түзчү.

Көп эксперттер “банкты кытайлыктарга 6-8 млн. долларга сатса болмок, же болбосо өкмөт катуу киришип, республикадагы миллионерлерди ортодон акча чыгарып сатып алгыла (!) деп милдеттендирип койсо эле банк өзүбүздүн кыргыздардын колунда калмак, бул үчүн саясый эрк гана керек болчу” деген пикирди айтышууда. Сөзсүз сатылчу объектилердин программасына дээрлик он жылдан бери менчиктештирүү тизмесинде жүргөн РСК банк же башка банктар кирбей, дал “Залкар” банк кирип калганы, Кыргызстан бул банкты мынча мөөнөттө сатам (!) деп милдеттенме алганы, Кыргыз өкмөтү инвестордун кызыкчылыгын коргойм деп, жеке менчик холдинг компания менен келишим түзгөнү да таңгалыштуу.

Ушундан улам бийликтеги кызыкдар кишилер аукцион деген чүмбөттүн артында тымызын оюндарды уюштурушуп, кимдир-бирөөлөргө шарт түзүп беришкен жокпу (?) деген суроо туулат. 22-майда өткөн пресс-конференция учурунда “Темир Сариев крестный отец этой сделки” деген сөздөр айтылганы эмнени каңкуулайт?




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru