Айбат » Кыргыз тили өнүгөт окшойт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргыз тили өнүгөт окшойт

кыргыз тилиПрезидент А.Атамбаев  кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча жардыкка кол  койду. Аталган жардыкта президент мамлекеттик тил  маселеси курч турганын белгилеп, аны өнүктүрүү үчүн бир катар иш-чараларды аткаруу милдетин койду.  Ага ылайык, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча  атайын  жумушчу топ  түзүүнү, өкмөткө  кыргыз  тилин өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди каржылоо көлөмүн эки эсе жогорулатууну, кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктаган  тестирлөөнүн “Кыргыз-тест”  системасын  иштеп  чыгууну, “Пирамида”  каналынын  алкагында “Маданият-Тарых-Тил»  каналын түзүү сыяктуу бир нече ишти  аткарууну тапшырды. Муну ишке ашыруу үчүн  президенттин  фондунан 10  миллион сом бөлүндү. Эми Кыргызстанда өгөйлөнгөн кыргыз тили чындап мамлекеттик  даражага  ээ  болуу  алдында турат. Албетте, өсөр эл эң оболу тили менен маданиятын сактайт, өнүктүрөт. Бирок ушул иш-чаралардын берүүлөрү жалаң орус тилинде көрсөтүлгөн, алыскы аймактарга жетпеген “Пирамида” телеканалы  аркылуу  ишке  ашырылары түшүнүксүз болуп турат



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru