Айбат » Улут болсоң тилиң менен улутсуң

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Улут болсоң тилиң менен улутсуң

кыргыз2009-жылы өткөн элди жана турак жай фондунун каттоо жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3830556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган. Бул Кыргыз Республикасынын калкынын 76%ы кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 5 100 000 адам сүйлөйт.Сыртбай Мусаев, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор:

“Улутчулдук – бул кылмыш да, уят да эмес”

–  Кыргыз  Республикасынын Улуттук  саясаты боюнча  мамлекеттик  Концепциясын  иштеп чыгуу жөнүндөгү идея, ой-пикир мени адегенде анча  ынандыра албады  эле. Себеби, мындай маселелер мурда да көтөрүлүп, бирок, кумга  сиңген  суудай, же салаадан куюлган кумдай болуп изсиз  калган  учурлар  көп болгон. Муну кеткен эки президент да, анын идеологиясын жүргүзгөн “идеологдор” да аягына  чыгарбай келишкен. Азыркы президент деле бул маселеге анча олуттуу көңүл бурбай келди…  Улуттук  саясат  боюнча  атайын концепция керектигин 20  жылдан  бери “тилдери тешилгенче” айтып, какшап келген айрым бир мекенчил адамдарыбыздын аракеттери суу кечпей кала берген. Мындай  адамдарыбызды айрым  учурларда  күнөөлөп да жүрүштү, башкасын  жөн  коёлу “улутчулдук –  бул кылмыш” да балп эттирген  адамдарыбыз болду.  Тилекке каршы, улутчулдук – бул кылмыш да, уят да эместигин, улутчулдук –  бул  мекенчилдик, өз улутун сүйгөндүк, өз улуту, кандаш-жандаштары үчүн  күйгөндүк, өз улутунун  ысыгына  күйүп, суугуна тоңгондук, өз  улутунун  келечегине кам көргөндүк, ааламдашуунун  алкымына  сорулуп  кетпөөнүн  акыркы  аракети экендигин түшүнбөгөн түркөй  космополиттер  көбөйдү. Бул – бир жагы. Экинчи жагынан алганда, ушу бүгүнкү күнгө чейин Батыш түзгөн либералдык демократиянын принциптеринин кесепетинен Мамлекет түзгөн  түпкүлүктүү  титулдук Кыргыз  элинин жоопкерчилиги жөнүндө сөз болот да,  анын  Мамлекетти  түзгөн  улут  катары, өзү түзгөн  ошол мамлекеттин ээси катары  улуттук укугу жөнүндө эч  нерсе  айтылбай, укугу жеке адамдын укугунан төмөн болуп турат го…

Муратбек Мукашев, коомдук ишмер:

“Биздин проблема улуттар аралык эмес, дал ушул “кыргыз” “киргиздердин” болушу”

– Мен кыргыз менен “киргиздин” айырмасын эми түшүндүм. Бул нерсе тил билбеген, дил билбегенинен эмес, жасап аткан ишинен көрүнөт.  Кыргыздардын духу күчтүү болот экен, мисалы, аянтка чыгып,  төшүн  окко  тосуп. “Киргиздер” болсо сырттан байкап турат да, кайсыл жагы күчтүү болсо ошол тарапка ооп кетип, интернеттен  комментарий жазып коюп отура берет тура. Биздин проблема улуттар аралык эмес, дал ушул “кыргыз”, “киргиздердин”  болушу. Азыр еврейдин фамилиясын атасаң эле антисемит дешет, башка улуттун аттарын атасаң  улутчул деп  күнөөлөшөт. “Жаман  улут  жок,  жаман адамдар бар” деп мен дайыма айтам. Эмнеге биз муну айта албашыбыз керек? “Киргиздер”  армияга  барбайт,  алардын баары кызматта иштейт, бардар турмушта жашашат. Кыйналгандардын баары кыргыздар…



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru