Айбат » Президент “Кыргызстан жакынкы эки жылда чек аралар боюнча маселени чечет” деп билдирди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Президент “Кыргызстан жакынкы эки жылда чек аралар боюнча маселени чечет” деп билдирди

границаКыргызстан жакынкы эки жылда чек ара меселелерин чечет деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев 500 кВтык “Датка” көмөкчордонунун ачылыш аземинде. Бул тууралуу КТРК маалымдады. “Бизде күчтүү аскер менен чек аралар болот. Кыргызстан күчтүү мамлекетке айланат. Өлкөдө укук коргоо кызматтарына реформа жарыяланат жана эки жыл аралыгында чек аралар бекем болот”, – деп белгиледи президент.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу  4675,17 км. Чек аранын 823 километри  Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактарда делимитациялана элек.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 1241,58 км узундуктагы чек ара аймактары делимитация болуп бүттү. Мамлекеттик чек аранын 857,9 км демаркацияланды. Кыргызстан менен Кытай чектешкен 1084, 35 км узундуктагы чек арада делимитация жана демаркациялык иштер жүргүзүлдү.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru