Айбат » Президент Жалал-Абад облусунда Беш-Батман каналынын курулушу менен таанышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Президент Жалал-Абад облусунда Беш-Батман каналынын курулушу менен таанышты

алмазбек атамбаевБүгүн, 3-июлда, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ренжит өрөөнүн суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында курулуп жаткан Беш-Батман каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Беш-Батман каналынын курулушу боюнча долбоор Кыргызстанды 2013-2017-жылдардын мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу алкактарында ишке ашырылып жаткандыгын айтты.

Президент ошондой эле Стратегияга ылайык жыл сайын 10 миң га айыл чарба сугат жерлери пайдаланууга берилип турушу керектигин баса белгиледи.

Айыл чарбасы жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев азыркы учурда каналдын 1200 метри курулуп бүткөндүгүн жана каналды ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландаштырылып жаткандыгын маалымдады.

Канал курулуп жаткан жерде мамлекет башчысы Аксы районунун тургундары менен жолукту жана аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru