Айбат » Алмазбек Атамбаев соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөчү мыйзамга кол койду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Алмазбек Атамбаев соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөчү мыйзамга кол койду

жогорку сотКыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу  КР Президентинин аппаратынан билдирген.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 30-майында кабыл алынган мыйзам Кыргызстандагы соттордун кылмыш ишинде баш коргоо чараларын өзгөртүү жана белгилөөдөгү көз карандысыздыгын бекемдейт.

Кыргыз Республикасынын кылмыш –жазык Кодексинин 106-беренесинин 1-бөлүгү “мамлекеттик саясый жана муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар  жана Кыргыз Республикасынын сотторду тандоо Кеңеши жеке кепилдик бере алышпайт” деген норма менен толукталган. Ошондой эле 122-беренеге аталган кызматтагы адамдар баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко ходатайтсво бере албайт деп кошулган.

Мыйзам расмий жарыяланган соң күчүнө кирет.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru