Айбат » Египеттин убактылуу президенти болуп Адли Мансур дайындалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Египеттин убактылуу президенти болуп Адли Мансур дайындалды

адли мансур

Бүгүн, 4-июлда Египеттин Конституциялык сотунун төрагасы Адли Мансур өлкөнүн убактылуу президенти катары ант берди. Бул армия менен оппозиция биригип иштеп чыккан Египеттин “жол картасынын” негизинде ишке ашырылды. Мындан 1 жыл мурун шайланган президент Мухаммад Мурси шайлоо алдында берген убадалары боюнча өлкөнү 1 жыл ичинде саясый-экономикалык кризистен чыгара албагандыгы, демократиялык жолдон тайып, авторитардык системага ыктагандыгы жана өлкөнү ашкере диндештире баштагандыгы үчүн бүгүн үй камагына алынды. Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылынын бир топ лидерлери кармалып, экс-президент Хосни Мубарак 2011-жылдагы революциядан бери олтурган түрмөгө тыгылды. Хосни Мубарактын бул түрмөгө камалышына Мухаммед Мурси менен “мусулман агайындар” чоң салым кошушкан болучу.

Ант берүү аземинде Адли Мансур “Биз мындан ары жаңы авторитеттерди, диктаторлорду, ыйык адамдарды түзүүдөн баш тартышыбыз керек. Биз ооз жүзундө эмес, иш жүзүндө демократиялык мамлекет курушубуз зарыл”, деди.

Адли Мансур 1945-жылы туулган,  68 жашта. 1967-жылы Каир университетинин юридикалык факультетин аяктаган.  Франциядан да билим алып келген. Өмүр бою кылмыш жана граждандык соттордо сот болуп иштеп жүргөн. 1992-жылдан бери Конституциялык соттун мүчөсү, төраганын орун басары болуп иштеп келген. 2013-жылдын май айында Египеттин Конституциялык сотунун төрагасы болуп шайланган. Үй-бүлөөлүү, 1 уул эки кыздын атасы. 2011-жылы революциядан кийин кабыл алынган жаңы конституцияны иштеп чыгууга катышкан. Бүгүнтөн баштап ал жаңы конституция иштебей калды. Ал эми Конституциялык соттун төрагасы Адли Мансур убактылуу өлкө башчысы болуп дайындалды. Ал эми жаңы түзүлүп жаткан конституциялык комитет Египетке кайрадан жаңы конституция иштеп чыгат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru