Айбат » Казактар деле карыз. Бирок..

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Казактар деле карыз. Бирок..

денги2Кошуна Казакстандын тышкы карызы 137 миллиард долларды түзөт. Муну ар бир жанга бөлүштүрө келгенде 1540 доллардан туура келип, КМШ өлкөлөрү боюнча биринчи орунда турат. Салыштыруу иретинде: ар бир россиялык чет элдиктерге 100, белорустар 300, украиналыктар 9000 доллардан карыз. Казакстандын тышкы карызы ВВПнын 70 пайызын түзөт, бул көрсөткүч 80 пайыз болгондо кооптуу чек деп эсептелет. Айрым маалыматтар боюнча, казактар быйыл чет өлкөлөрдөн дагы 1 миллиард доллар карыз алышмакчы экен. Эгер аны кошсо дал кооптуу чекке жетип калат деп боолголошууда эксперттер.

Ал эми Кыргызстандын тышкы карызы 30-апрелге карата 2 млрд 964 млн. долларды (142 млрд. 787 млн. сомду) түздү. Жан башына бөлө келгенде болжол менен 600 доллардан туура келет экен. Казактарга салыштырмалуу биздин карыз албетте, кичинекей эле сумма болуп калат. Бирок бул биз камырабай жата берсек боло берет дегендикти билдирбейт. Анткени, Казакстан табигый ресурстарга бай өлкө, 137 эмес, 200 миллиард доллар карызды да оңой эле төлөп коюшат. А биз карыздан эмнебиз менен кутулабыз? Биз үмүт арткан “Кумтөр” алтын кенинин али күнгө чейин башы ачыла элек. Ал эми башка алтын кендерибизди иштетсек алардын пайдасынан зыяны көп болчудай. Андыктан, алаканыбызды жайып, бирөөдөн карыз сураарда ойлонгонубуз оң го?



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru