Айбат » Жалал-Абад шаарынын бийлиги кайрадан талашка түшүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жалал-Абад шаарынын бийлиги кайрадан талашка түшүүдө

жалал-абадАптаптуу  жайда  Жалал-Абад шаарынын  бийлигинин тегерегинде кайрадан   маалымат  согушу  башталып,   Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “ Өнүгүү” фракциясы кезектеги жыйынын  өткөрүп, шаар мэри М.Арапбаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин карашты, деген билдирүү  таркатышкан.   Мунун негизи катары   атап айтканда, шаар мэри кызматын аткарып жаткандыгына 4 айдын жүзү болсо да, шаардык кеңештин кароосуна шаардын социалдык-экономикалык жактан  өнүктүрүү программасынын долбоорун сунуштай  электигин көрсөтүшкөн .Ал эми экинчи тарап буга карама-каршы билдирүү жасап   “ М.Арапбаев шайлоодо үч партиянын тең колдоосуна ээ болуп шайланганы менен саясий атаандаштыктан утулуп калган « Өнүгүү» партиясы мэрдин иштөөсүнө    ар кандай жолдор менен жолтоо болуп, натыйжада шаардын  өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатканын айтып мэр  М.Арапбаев шаардын келечегин чогуу жоопкерчиликке алган «Өнүгүү» партиясын конструктивдүү кызматташууга жана шаардын кызыкчылыгы үчүн ынтымакташып иш алып барууга чакырган. Бирок  “Өнүгүү” партиясы  да Жалал-Абад шаарынын    мэриясы да  маалыматтык   тирешүүнү улантып келе жатат.      “Өнүгүү” партиясы  адегенде мэрге ишенбөөчүлүк пкирин таратып жатты эле, көп өтпөй  шаардык кеңештин төргасы М.Тагаевдин коросуна да таш ыргытып      айыптаган билдирүү таратып жиберди  эле   Жалал-Абад шаардык   кеңештин аппараты    дароо жооп берип: Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы   Мураталы Тагаевге  “Өнүгүү” фракциясынын депутаттарынын  атынан   жазылган катта  мэр  М.Арапбаевдин маселесин  күн тартибине  киргизүүнү өтүнөбүз деп   айтылбаган, суранышпаган  жөн гана  “Мына ушул жагдайлардан улам  шаардык кеңештин сессиясына  Жалал-Абад шаарынын  мэрине  ишенбөөчүлүк маселесин коет”   деп   маалымдоо  маанисинде  гана жазган  жана өткөргөн жыйынынын протоколунун көчүрмөсү тиркелбеген. Фракциянын  лидеринин колу колу эмес  депутат Н.Маматовдун гана жалгыз колу коюлган кат түшкөнүн, ал эми шаардык кеңештин кезектеги сессиясы   9-июнда болот. Күн тартибиндеги маселере ошол сессияда каралып, бекитилет  М. Тагаев жеке өзү чечим кабыл албайт,   шаардык кеңештин бардык кеңештин депутттарынын укуктарын сыйлайт жана мыйзам боюнча көпчүлүк депуттардын  чечимине баш ийет” деп билдирүү жасаганга аргасыз болду.

Коомчулуктун  башын айландырган  кайым айтышкан билдирүүнүн артында  эмне турат?   Чын эле  эл арасында  нааразылык  күчөп мэр  М.Арапбаевге ишеним калбай калдыбы?  Шаардык кеңештин депуттары шаарын мэрине ишеним көрсөтпөөгө даярбы?   Бул билдирүүлөр  канчалык чындыкка жакын?  деген   суроолор туулуда.  Ошондуктан  айрым  жагдайларды тактоо үчүн мэрге, партиянын лидерлерине,  шаардын тургундарына  кайрылып  иликтөөгө  алдык.

“Өнүгүү” партиясынын билдирүүлөрүн жергиликтүү калк   ар кандай кабыл алууда. Айрымдары  М.Арапбаевдин  жетиштүү  иш алып бара албай жатканыдыгын белгилешүүдө. Адилеттүүлүк үчүн белгилеп коюу керекө М.Арапбаев бир топ карама-каршылыктардын, саясий күтөрдүн таймашынан улам бийлиике келген. Коомчулук  да    М.Арапбаевдин  ийкемсиздигин сынга алууда. Ошондой эле  кадр маселесинде  колациялык  көпчүлүккө басым жасап,ошолорду кызматка алып келип жатканына  атаандаштары  да нааразы. Ал эми бул пикирге М.Арапбаев  туура, мен коалициялык келишимди бузуп  анан мен “Өнүгүү” фракциясынын кадрларын  алып келишим керекпи” деп  актанууда.  “Өнүгүү” партиясынын  маалымат согушун  9-июнда  өтүүчү сессияда  2012-жылдын  бюжети аткаруу угулат. Бул өз кезегинде  көп  дооматтарды жаратат. Ошондуктан алдын алып  ушундай  тактиканы колдонуп жатышат деген пикирлерди  КСДПнын депуттары айтууда.

Ошондой эле М.Арапбаевдин жүргүзүп жаткан саясатын туура деп эсептегендер да бар. Алар буга чейинки мэрлер ишке ашыра албаган  шаардын борборундагы базарды, анын тегерегин иретке келтирип  жатканын колдошууда.  “Ишкердүүлүктү өнүктүрүүдө ишкерлерге тоскоолдуктарды жаратып жатат  , шаар базарларынын айланасы, мурда «автовокзалга» айланган борбордук көчөлөр менен оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан шаар көчөлөрүндөгү иштерди шаар тургундары көрүп, байкап турат”,-дейт  шаарын тургуну   Тамара Алимжанова.

“Шаардык мэриядан мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү багытында иш алып барууда атайын комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатат. Мыйзамсыз курулуш куруп, текейден арзан баага базардан жерлерди ээлеп, ээлеген жерлерин сырттан келген карапайым сатуучуларга ижаралап, муниципалдык жерлердин жана момун калктын эсебинен мыйзамсыз иш жүргүзүп «байып» жаткандар, шаардык мэриянын бул аракетин «Азаматсыңар, туура иш жасап жатасыңар!» – деп жатышкан жери жок.  Адамдарын уюштуруп, кат жаздырып  айрым партиялар шыкактап  митинг жасоого чакырып жатканы өкүндүрөт.   “Рахман Ата” ссода борборунун  айланасындагы  соода түйүндөрдү жана “Астан”  соода борборунун  короолорун  мэрдин мыйзамсыз буйругунун негизинде  өз билемдик менен бузуп, аталган соода юорборуна жолтоо болуп жатат деп  “Өнүгүү” партиясы  айтканы  туура эмес. Алар  эмне үчүн областтык почтанын жолу тосулуп, айланасы базарга айланып кетти деп кине коюшса туура болмок,дейт областтык почтанын башчысы   Байзак Ниаязов. Буга  “Өнүгүү” партиясынын  шаардык кеңешинин  депутаты  Нурбек Исмаилов караманча макул эмес.Ал ишкерлерге мэр ишкерлерге кысым жасап жатат деп эсептейт. “Өнүгүү” партиясынын  айрым депуттары өздөрү  кабыл алган чечим боюнча пикирин билдирүүдөн баш тартты.

“Өнүгүү”  партиясы  ошондой эле шаар мэрин үч партия шайлаган деп жазышыптыр. Бул да чындыкка туура келбейт, себеби КСДПнын мүч өсү болгон мэрди КСДП жана «Ата Журт» партиясынын бириккен коалициясы, « өнүгүү» партиясын сатып кеткен эки депутат шайлаган. Бирок, ал депутаттар кийин фракциядан чыгарылган. Бул жерде « өнүгүү» фракциясынын эч кандай тиешеси жок деп жазууда.  Бул жөн эле чычалап жаткандыгы,  , өз партиясынын биримдиги жок, экендигин  жамандоо  өздөрүнө  да кадыр барк алып келбейт,- дейт   КСДП партиясынын лидери  Тилек Акамбаев.

Т.Акамбаевдин айтымында  шаар мэрине ишенбөөчүлүкккө негиз жок. Буга чейин да бир нече ирет  мэрдин  шаардын мэрине каршы  аракеттердерди жүргүзүп келген.Бирок ишке  ашкан эмес.

“Өнүгүү” партиясы    “… биз ушул күнг ө чейин мэрден  өнүгүү программасын сессияга, элге алып чыгууну, аны батыраак бекитип берүү менен аткарылышын колго алууну талап кылып келебиз. Бирок, дубалдан үн чыкса да мэрден үн чыкпай жатат” деп жазышкан   Буга мэриянын басма сөз кызматы  төгүндөө жасап  “шаардык кеңештин VII сессиясынын жүрүшүндө,күтүүсүздөн  шаар мэри өкмөттүн тапшырмасы менен Бишкек шаарында экенин айтып, шаардык мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров «Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын долбоору» тууралуу кеңири маалымат берүү үчүн атайын даярдалган  долбоорду   депутаттарга жана сессиянын катышуучуларына алып чыгып тааныштырууга  аракетерине   «Өнүгүү» фракциясынын депутаттары «бул маалыматты шаар мэри жеке өзү алып чыгып бизге тааныштырсын», дешип баш тартып коюшанын айтып чыгышты.

Т.Акамбаевдин айтымында  М.Арапбаевге  социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын  долбоору жок деп жөнү жок эле айтып жатат. Эгер чындап келгенде программаны  М.Арапбаев жалгыз өзү жазбайт, мэрия менен чогуу жазат. Ал эми   мэриянын ошол учурда  реалдуу секторун- эконмиканы тейлеген  1-вице-премьер  Урмат Маматов   “Өнүгүү” партиясынынын мүчөсү жана  убагында  Жалал-Абад шаардык кеңешине талапкерликке катталган. Ошол эле эконмика,өнөр жай  тармагын тейлеген  бөлүмдүн башчысы  да шайлоого “Өнүгүү” партиясынан катышкан. Өздөрүнүн жоопкерчилигин да моюнга алышса болмок, – дейт  Т.Акамбаев.

Ал эми чын эле  мэр  М.Арапбаевге ишенбөөчүлүк көрсөтпөөгө негиз барбы?   Деген суроону    Жалал-Абад шаарык  кеңештеги  “ Ата Журт” партиясынын    Сайдулла   Чымбердиевге да бердик.

Бул билдирүүдөн кийин биз көз карашыбызды тактоо үчүн атайын  жыйналып талкууладык.  Олку-солку болгон же  “Өнүгүү” партиясын жактаган көз караштар  биздин депуттар арасында байкалган жок. Ошондуктан  бул билдирүү кандай негизде  жасалып  жатканы  деле байкалган жок.  Ырас, кайрылуудагы  9 пункуттун айрым бөлүктөрү боюнча    макулбуз.  Мисалы   7-пункттуагы   “Айгүл” соода борборуна токтоочу жайларды уюштуруп ,башка ишкерлердин ишмердүүлүгүнө зыян келтирүүдө  деген дооматы   такталып, бюжетке канча пайда  түшүп жаткандыгы аныкталыш керек.  Бирок бих  стаблидүүлүктүү сактоо  үчүн “Ак ниет” көпчүлүчктү түзгөн коалициядагы  келишмидерди сактайбыз. Ошондуктан азырынча  М.Арапбаевге ишеним көрсөтүүгө негиз жок деп эсептейбиз” деди.

Мэрия   «Айгүл» акционердик коомунун айланасында мыйзам чегинде автоунаа токтоочу жайына    шаардан сырткары жерлерден келген автоунааларды автовокзалга чыгаруу иштерин жүргүзүү шаардык МАИ кызматкерлерине милдеттендирилген. Шаар мэриясынын ар жумада өтүүчү аппараттык кеңешмесинде шаардык ИИБне сөз тийип, тапшырылган иш өз деңгээлинде аткарылбай жаткандыгы боюнча ШИИБ жана ИИБге кат жолдонуп, бул маселе күн тартибинде калууда деп мойнуна алды.

Ал эми мэриянын маалыматы боюнча  азыркы учурда жарым жылдык болгонуна байланыштуу, шаардагы салыктын түрлөрү боюнча жалпы көлөмү 301 млн 11 миң 700 сом жыйналып, жеткирилген план 291 млн 909 миң 500 сом болгон, башкача айтканда 103,1% аткарылган. Былтыркы жылга салыштырмалуу 44 млн 289 миң 400 сом ашыкча жыйналып, өсүү темпи 117,3%га жеткен. Салыктын кээ бир түрлөрүнүн аткарылуусунун кечигүүсү, алардын салык төлөө мөөнөтү боло электигинде жана пландын ашыкча жеткирилгендигине байлаштуу болот. Биринчи жарым жылдыкта жергиликтүү бюджеттин аткарылышы 102,3% аткарылган, ал эми республикалык бюджеттин аткарылышы 103,6% аткарылганын  деп маалымат таратты.

Андан сырткары   8,5 млн долларлык  Жалал-Абад шаарындагы суу тармагы Эл аралык уюмдардын жардамы менен «Ош жана Жалал-Абад шаарларында таза суу жана саркынды суу системаларын калыбына келтирүү» долбоору ишке ашканы турат. Ошондой эле АРИСтин алкагында 500 миң доллар суммасындагы долбоорлор беш аймактык башкармалыкта ишке ашып жатканы  мэрдин иштеп жатканын айгинелеп турат дейт.

“Мен кээ бир «өнүгүүчүлөрдүн» мага жана менин ишмердүүлүгүмө карата кылдан кыйкым издеп, ар кандай аракеттерди көрүп жатканын түшүнөм. Бирок, саясий утулушту да көтөрө билүү керек, «өнүгүүчүлөр» сунуштаган жигит бир жылдан ашык убакыт шаарды башкарып турду. Мен аны туура же туура эмес иш кылды деп баа бергим келбейт, анткени андай баа берүү элге таандык. Адамдын жасаган иши бир тараптуу жаман же жакшы боло бербейт, ар ким өз дараметине ылайык иш алып барат. Менин жашым пайгамбар жашына келип калды, шаар үчүн пайдалуу жумуш жасоонун үстүндө аракет көрүп жатабыз. Шаардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылабыз дегенден кийин амбицияларды токтотуп бир багытта иш алып баруу керек, мен «өнүгүүчүлөрдү» эле эмес жалпы эле шаардыктарды ынтымакка, биримдикке жана аракеттенүүгө чакырамын” дейт  М.Арапбаев.

2013-жылдын  9-июлунда  талашкан түшкөн маслелелер  күн тартибине коюлат. Ким кимге ишенет же  ишенбейт –шаардык кеңешке келген депуттардын  өздөрү аныктайт. Ошондуктан   арабанын алдына  түшүп албай, күтүп туралы.

 “Kyrgyztoday.kg” 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru