Айбат » Чунуевдин колу менен…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Чунуевдин колу менен…

чунуев

Чунуевдин колу менен…

Канкор Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу учурунда ханзада Максим Бакиевдин буйрутмасы менен темирдин запасы боюнча КМШ өлөлөрүндө, деги эле Россия Федерациясындагы Уралдан кийин турган Нарын облусундагы “Жетим-Тоо” темир кенин Кытай тарапка бере салып, 7-апрелдин башаты болуп калган.  Эске салсак, алгач апрелге чейин көтөрүлүп жүргөн маселе так ушул “Жетим-Тоо” эле.

Апрель элдик революциясынан кийин берилген лиценциялар кайтарылат десек, 2015-2016 жылдарга чейин узартылган экен. Аны уккан соң, Нарында эл толкуп, нааразычылык митингдерди өткөрүү менен “Жетим-Тоо” темир кенин иштетүүгө жана чалгындоого берилген “Мэйлин Ресурс” жана “Арт Майнинг” ЖЧКларынан лицензиялар  кайтарылган.

Айтор президенттик жана парламенттик шайлоо учурунда “Жетим-Тоо” эч кимге берилбейт жана сатылбайт деген ураандар байма-бай катуу чыгып, эл алдында көптөгөн убадалар берилген. Бирок, жаш саясатчы Жеңиш Молдокматовдун айтуусу боюгча: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик геология агенттигинен жакында эле шылуундук иштери менен шыпырылып түшкөн Ишимбай Чунуевдин колу менен  “Арт Майнинг” ЖЧКна “Жетим-Тоо” темир кенинин Данги бөлүкчөсүнө МР 2476 лицензиясы 17-декабрь 2012-жылдан 14-июнь  2014 жылга чейин узартылып берилгени аныкталып отурат.  “Жетим-Тоо” эч кимге берилген жок деп элге ишендире айтып жатышса, тымызын Чунуевге окшогон эргулдар кен-байлыктарыбызды каалашынча бере салып жатышканы өкүндүрөт жана “бизде мамлекет, мамлекеттик түзүм, мамлекеттик башкаруу жана көзөмөл деген барбы?” деп ойлондурат дейт. Эгерде ар бир жаны келген министрибиз эл башчыларын укпай, өз каалаганын кыла беришсе, өлкөбүздө туруктуулук жана өнүгүү деген болобу же жокпу деген ой менен кийинки сандарда Чунуевдин кол койгон дагы бир нече мыйзам бузуулар ачыкка чыгармакчыбыз.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru