Айбат » Турсунбек Акун өзүн дагы деле акыйкатчымын деп эсептейт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги » Турсунбек Акун өзүн дагы деле акыйкатчымын деп эсептейт

Турсунбек Акун“Мен Жогорку Кеңештин токтомун мыйзамдуу деп эсептебейм жана аны сотто талашам”. Мындай пикирин экс-акыйкатчы 4-июлда “ВБ”га берген маегинде билдирди.

Ал депутаттар аны кызмат ордунан өзү жокто алганын айтып, бул моралдык жактан да, юридикалык жактан да мыйзамсыз экенин белгиледи.

“Мисалы, депутат же  министр доклад жасап жатып эстен танып жыгылса алар жыйынды токтотуп, анын айыгышын күтүшү керек да. Эмнеге алар мага мындай мамиле кылып атат?”,- дейт Акун.

Экс-акыйкатчы депутаттар тарабынан же башка чиновниктер тарабынан болгон басымга карабай мурдагы кызмат ордуна барууга бардык аракетин жумшай турганын айтат.

“Алар өздөрү көмүскө иштерди жасап атат, акыйкатчы институту бардыгын көрүп жаттап калат. Чынында менде оор анан кызыктуу материал бар. Мен элдин колдоосун сезип атам. Ошол мага айыгуума дем-күч берип атат. Мен мындан ары да Кыргызстандын элинин укугун коргошум керек. Парламент муну түшүнүп атса да каалабай атат. Мен парламент жаман деп айткым келбейт. Анын ичинде кээ бир кишилер мени чөктүргөнгө дайыма аракет кылат”,- деп сөзүн жыйынтыктады ал




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru