Айбат » Напси тыйып, тазалана турган кез келди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Напси тыйып, тазалана турган кез келди

рахматулло ажыКийинки жумада орозо башталат. Ар бир мусулман ой-сезимин, жандүйнөсүн жана дене боюн да тазалай турган жооптуу учур. Аны менен катар эле  ажылык сапардын сезону ачылат. Ушу тапта Кыргызстанга 3600 квота берилгени, ажылык сапардын наркы быйыл 2300 доллар болгону маалым. Өлкөнүн азирети муфтий Рахматулла Эгембердиевдин айтымында, ажылыкка бара турган ар бир адам документин өзү алып келип көрсөтүп, жогорудагы сумманы банкка төгүү үчүн атайын ордер алып кетет. Мурдагыдай ондоп-жыйырмалаган паспортту бир адам көрсөтүп койгон өнөкөт жок. Ошого карабастан ушу тапта 2300 доллардан сырткары дагы 1000 доллар төлөп жаткандар бар экени белгилүү болууда. Азирети муфтий бул туура эмес, ажылыкка бара тургандар ашыкча акча төлөбөш керек экендигин айтат. Жакында ушу маселе боюнча муфтият алдында атайын телефон иштей турган болду.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru