Айбат » Таласта кечээ Казакстанга кетчү сууну бууп салышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Таласта кечээ Казакстанга кетчү сууну бууп салышты

суууТаластын Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылынын тургундары кечээ, 7-июлда саат күндүзгү 10дон баштап, айылдын аймагы менен Казакстанга кетчү сууну бууп ташташты. Бул тууралуу жергиликтүү активист Абыш Көчөрбаев билдирди. Анын айтымында, элдин бул аракети бийлик эл менен акылдашпай туруп Көк-Сай айылына караштуу 2 миң 600 гектар жерди Казакстанга  берип койгондугуна каршылык катары түшүндүрүлөт.

Маалыматка ылайык, Жинди-Суу суусу Көк-Сай жана Ак-Сай жайлоолорунун ортосунан агып, Казакстанга кетет. Аны коңшу мамлекеттин 8 айылынын тургундары ичээрге таза суу катары да, айыл чарбасына да пайдаланышат. Кыргыз аймагынан казак жергесине секундасына 2,5 куб суу агат.

Абыш Көчөрбаевдин билдирүүсүндө Кайнар айылынын тургундары суу жээктей боз үй тигип, түнү кайтарып жатышкан. Кечки саат 8дер чамасында суу бууган элге Кара-Буура районунун акими жана милиция бөлүмүнүн жетекчиси келип, жолугушкан. Алар элдин мындай аракетине Казакстан тарап чек ара бажысында кыргызстандыктарды өткөрбөй, кыйноого салуу менен жооп берерин айтышып, сууну ачууну суранышкан. Бирок эл бул суранычты кабыл алган эмес.

«Элдин нааразычылыгынын күчөшүнүн дагы бир себеби, Казакстанга бийлик тарабынан мыйзамсыз өткөрүлүп берилген 2 миң 600 гектар жерге коңшу мамлекет чек ара мамыларды орнотуп салышты. Ал эми тикеy зымдарды кыргызстандыктардын каршылыгынан улам тартыша элек. Казакстан тарапта ошол тилкеде 30 чакты спецназдар кайтарып атса, биз тараптан 8 чекарачы жүрөт. Июнь айынын аяк ченинде Кара-Буура районунан атайын делегация борборго келип, президент, премьер-министр менен жолугушууга аракет жасаганбыз. Бирок, ага чейинкилер «бул маселе менен президент жана премьер-министрге жолугуунун кажети жок, вице-премьер-министрлер чечип беришет», – деп Тайырбек Сарпашев менен Токон Мамытовго кездештиришти. Т. Мамытов маселебизди угуп,  жерине барып, оң тарабына чечип берерин убада кылган. Биз күттүк, айткан убагында 3-июлда да, андан кийин да келбеди. Куру убада бергенине көзүбүз жеткенден соң, кыргыздын жерин башка элдин карамагынан бошотуп, өзүбүзгө кайтаруу максатында, акыркы аргабызды жасап, ушул кадамга бардык», – дейт Абыш Көчөрбаев.

Эске салсак, Көк-Сай айылындагы дыйкандардын үлүшү болгон 2 миң 600 гектар жер Казакстанга өткөрүлүп берилгенине нааразы болгон жергиликтүү тургундар  эгерде жер кайрадан Кыргызстанга кайтарылбаса, коңшу мамлекетке кыргыз аймагы менен кетчү сууну бууйбуз деген талапты бир ай мурда коюшкан. “Ушинтип Акаевдин бийлиги Кытайга Үзөңгү-Куушту, Бакиев Каркыраны берип койсо, Атамбаев бийлиги 2 миң 600 гектар Көк-Сайды Казакстанга берип коебу?” – дейт жергиликтүү эл.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru