Айбат » Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министрин кабыл алды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министрин кабыл алды

калыкбек султановБүгүн, 2013-жылдын 8-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы автомобиль жолдорунун курулушунун жана реконструкцияланышынын жүрүшү талкууланды. Атап айтсак, өлкөнүн «Ош – Баткен – Исфана», «Бишкек – Торугарт» жана «Түп – Кеген» сыяктуу маанилүү автожолдорунун курулуш маселелери каралды, деп жазат КР президентинин расмий сайты.

«Ош – Баткен – Исфана» автожол долбоору боюнча министр Президентке жакынкы күндөрдө «Баткен – Исфана» автожол тилкесинин курулушу башталарын маалымдады.

Калыкбек Султанов ошондой эле Мамлекет башчысына өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун жаңы маршрут боюнча бириктире турган альтернативалуу автожолдун курулушунун башталышына даярдыктын жүрүшү жөнүндө баяндады.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru