Айбат » Президент Алмазбек Атамбаев ыйык Орозо айынын башталышы менен мекендештерибизди куттуктады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Президент Алмазбек Атамбаев ыйык Орозо айынын башталышы менен мекендештерибизди куттуктады

атамбаевБүгүн, 2013-жылдын 8-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул боюнча КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда мындай деп айтылган:

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Кыргызстандын мусулмандары!

Ыйык Орозо айын дүйнө мусулмандары жакшы тилек, чоң үмүт менен күтүшөт. Орозо айы – тазалануунун, ынтымактын, кечиримдүүлүктүн жана кайрымдуулуктун айы.

Орозодо адамдар тынчтык жана бейпилдик, ден соолук жана бакубаттык тилеп Жаратканга кайрылышат.

Тилегиңер ишке ашып, орозоңор кабыл болсун. Сиздерди ыйык Орозонун башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев”

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru