Айбат » Жарым башын жоготкон киши 58 миллион доллар компенсация алат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Жарым башын жоготкон киши 58 миллион доллар компенсация алат

1Бардын сакчысынын токмогунан улам башынын төрттөн бир бөлүгүнөн айрылган маляр соттун чечими менен 58 миллион доллар компенсация алмак болду. Маляр АКШнын тургуну, 43 жашта. Окуя мындай болгон.

2010-жылы Антонио Лопес Чай Калифорниядагы барга эки тууганы менен барат. Чатак чыгып, бармен жана сакчы тигинин туугандарына кол көтөрө башташат. Аларды токтотууга аракет кылган Антонио Лопес Чайды сакчы таяк (дубинка) менен сабап, башына 8 ирет тээп, тротуарды башы менен 4 ирет сүздүргөн. Чайдын мээсине доо кетип, башынын жарымынын сөөгү талкаланып, өмүр бою сүйлөбөй кала турганы аныкталган. Эми соттун чечими менен компенсацияны сакчылар компаниясы төлөп берет. Сакчы болсо уруштан соң качып кеткен бойдон табыла элек.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru