Айбат » 1960-жылдары Казакстан президенти Н.Назарбаев Фрунзедеги сүйгөнүнө келип, кыргыз тилинде ырдап берчү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Видео » 1960-жылдары Казакстан президенти Н.Назарбаев Фрунзедеги сүйгөнүнө келип, кыргыз тилинде ырдап берчү

11960-жылдары Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Бишкекте сүйгөнү болгон, деп айтылат жакында эле КТК телеканалынан көрсөтүлгөн «Назарбаев.Live» документалдуу тасмасында.

Тасмада маалымдалгандай, Назарбаев Бишкектен өзүнүн сүйүүсү Турган Абдыкеримованы жолуктурган.

1960-жылдары Бишкек шаардык ооруканасынын имаратында чыныгы «шекспирдик» ашыктыктар кайнап турган. Бул жакка кучак толо хризонтема гүлүн көтөрүп, костюм кийген, галстук тагынган жаш Н.Назарбаев келип жүрчү, – деп айтылат тасмада.

«Расмий иш сапаралар, жумушчу жолугушуулар жана мамлекеттик протоколдор баары кийин башталат, ал кезде бардыгы романтикалыкк окуялар менен коштолгон. Бул, Бишкекте, мурунку Фрунзеде, келечектүү болот эритүүчүнүн мурунку сүйүүсү жашаган, алар «Ушконыр» жайлоосунан таанышып, бул жакта гана жолугуп, өздөрүнчө боло алышкан», – дейт журналист.

«Ал мени «Карлыгач» деп атачу, бул көз ачып жумгандай өтүп кетти. Андан кийин кат жазышып турдук. Мындай болорун билгенде, каттардын баарын катып коюп, азыр силерге сатпайт белем. Ал келип, мени киного алып барып жүрдү, эки жолу бардык окшойт. Андан кийин кечинде ал обон созуп, ыр окуп берчү, ал көптү окуган, көптү билген. Бир окуяларды да айтып берчү», – деп эскерет Т.Абдыкеримова.

«Ал ырларды кандайдыр бир музыкалык инструменттердин коштоосунда ырдап берчү бере?», деген журналисттин суроосуна, «Жок, мындай эле, ал казак тилинде да, кыргыз тилинде да ырдай алчу, анда, менимче «Саулем-Саулем» деген ыр бар болчу», дейт Назарбаевдин мурдагы сүйгөнү.

«Бул окуянын бактылуу аякташы болгон жок. Ар бири өз жолу менен кетишти: үй-бүлө, тиричилик, карьера. Бул тууралуу ойлонгондо, бир нерсе түшүнүксүз болуп чыга келет, бул көксөө ностальгиябы», деген сөздөр менен тасманы аяктаган.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru