Айбат » Ысык-Көлдө бугу, текелерди аткан браконьерлер кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Ысык-Көлдө бугу, текелерди аткан браконьерлер кармалды

Горный козелЫсык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра-Зындан жайлоосунан бир бугунун жарым этин сүрсүтүп ыштап, жайкы муздаткычка салып койгон жеке ишкер С.А. кармалып, анын боз үйүнүнүн тышында жөлөнүп турган бир ТОЗ 8 сайлуу мылтык жана КО 44 сайлуу мылтыгы табылган. Бул туралуу өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылык департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы 6-июль күнү жүргүзгөн атайын рейддин учурунда аныкталды, деп билдирет аймактык кабарчы Сайкал Аттокурова.

Ал эми Ак-Суу районунун Кызыл-Бел жайлоосунда малчы К.М. бир текенин жарым этин айылга түшүрүп келе жаткан жеринде кармалды. Текенин калган жарым эти өзү жашаган боз үйдө сакталуу болгон. Мындан тышкары башка текелердин майдаланган эттери чыгып, аталган жарандын турагында бир ТОЗ 8 үлгүсүндөгү сайлуу мылтык бар экендиги аныкталды.

Бул эки адамга карата протоколдор түзүлүп, иш тергөө органдарына берилүү алдында турат.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы мыйзамсыз аңчылык кылууну токтотуу максатында өкмөттүн ушул жылдын 3-майындагы токтомуна ылайык бир бугуну аткан браконьер төрт жүз миң сом, текеге аңчылык кылган адам элүү беш миң сом айып төлөйт деп белгиленген.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru