Айбат » Атажуртчулар Турдали Орозбаевдин акыйкатчыга талапкерлигине комментарий беришти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Атажуртчулар Турдали Орозбаевдин акыйкатчыга талапкерлигине комментарий беришти

Турдали Орозбаев

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары бүгүн, 8-июлда “ВБ”га Кыргызстандын Россиядагы мурдагы башкы консулу Турдали Орозбаевдин акыйкатчынын кызматына тандоого катышууга ниеттенип жатканы тууралуу өз пикирлерин билдиришти.

Эскерте кетсек, Орозбаев “ВБ” менен болгон маегинде Кыргызстандын акыйкатчысынын кызматына ат салышсамбы деп пландап жатканын айткан. Анын ниетин “Республика” жана “Ата-Журт фракцияларынын оппозициячы депутаттары колдоого алууда.

Жылдызкан Жолдошова экс-башкы консулду акыйкатчынын кызматына татыктуу деп эсептейт.

“Ал Кыргызстандын Россиядагы башкы консулунун кызматын ээлеп турган кезде, биздин мекендештерибиздин укуктарын коргочу, ошондуктан анын талапкерлигин “Ата-Журт” менен “Республика” фракцияларынын көпчүлүк депутаттары колдойт болуш керек деп ойлойм”,- дейт Жолдошева.

Дагы бир атажурчу Садыр Жапаров мындай талапкердин аталган кызматка сунушталып жатканын билбегенин, бирок көпчүлүгү аны колдой турган болсо, ал дагы добуш берерин билдирди.

Анын кесиптеши Курманбек Осмонов Орозбаевди татыктуу акыйкатчы болот деп ишенбесин айтты.

“Мен аны жакшы билбейм, бирок ишмердүүлүгү тууралуу укканым бар. Добуш бербешим мүмкүн, анткени башка талапкерлерди дагы карап көрөм. Мен аны бул кызматка татыктуу деп эсептебейм”,- дейт Осмонов.

Эскерте кетсек, Турдали Орозбаев 2005-жылдан 2012-жылга чейин Кыргызстандын Россиядагы башкы консулу болуп иштеген.

Экс-башкы консул көп чатактардын фигуранты катары да эсте калды. Аны Россиядан Кыргызстанга келчү аткезчиликке көмөк көрсөттү деп айыпташкан. 2010-жылы сентябрь айында атташе мас абалында кызматтык унаасы менен кармалган.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227041



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru