Айбат » Азия-2013 оюндарында Кыргызстандын курама командасы 15-орунга татыды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Азия-2013 оюндарында Кыргызстандын курама командасы 15-орунга татыды

1
 Жабык имараттардагы Азия оюндарында жалпы командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 15-орунда экени белгилүү болду.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, жалпы командалык биринчиликти Кытай курама командасы алып кетти. Экинчи орунда Түштүк Кореянын спортчулары. Ал эми командалык коло байгеге Вьетнамдын курама командасы татыды.

Жабык имараттардагы Азия оюндарында бардыгы болуп 29 курама команда катышкан.

Эске салсак, Азия оюндарынан Кыргызстандын курама командасы алты медаль менен кайтып келди. Анын ичинен алтын байгени кикбоксчу Алексей Федосеев, күмүш медалдарды кикбоксчу Сталбек Дарканбаев жана тай боксчу Данияр Кашкараев алса, коло байгелерди кикбоксчулар Кумар Жалиев, Уланбек Касымбеков жана спорт бий боюнча жуптар Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей алышты.

Бул мелдешке Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышты. Алар спорттун беш түрүнөн күч сынашкан: сууда сүзүү, кикбоксинг, тай боксу, снукер, спорттук бал бийи.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227044



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru