Айбат » Саясый серепчи Бакыт Бакетаев: “Окуянын египеттик вариантта өнүгүшүн каалабасак, өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн “Ата Журттун” үч депутатын камаш керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Саясый серепчи Бакыт Бакетаев: “Окуянын египеттик вариантта өнүгүшүн каалабасак, өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн “Ата Журттун” үч депутатын камаш керек”

,trtnfqМындай пикирин саясый серепчи Бакыт Бакетаев маалымат жыйынында билдирди. “Бийлик башында болсом, так ушундай кылмакмын. Кыргызстандын кичинекей Египет болушунун кимге кереги бар”, – деген оюн бөлүштү саясат таануучу.

“Күзүндө алар кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн: депутаттар эркиндикте, эл алдына чыгып атышат, “кетсин” деп чакырык ташташууда. Ошондуктан Башкы прокуратура аларды темир тор артына камаганга ылайык берене таба алат”, – дейт ал.

Учурда “Ата Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров көз карандысыз эксперт-аналитиктерди чогултууга аракет кылууда. Ал 2012-жылдын 3-октябрында жана андан кийин  күч алган кырдаалды талкуулап, “Бийлик кандай кадам жасады?” деген суроого жооп алысы келет. “Экинчи Египет болбош үчүн тегерек стол уюштуруп, ой-пикирлер менен бөлүшүү керек. Чындыкты издөө зарыл. Юридикалык жактан – бул жөн гана Бишкек шаарынын тосмосу, юридикалык жактан Акүйдүн тосмосу катары катталган эмес, ой, каалоо жана сезим үчүн эмес, жоругу үчүн камаш керек”, – деди Б. Бакетаев.

Саясый серепчинин айтымында, атажурчулардын аракетинде кылмыш-жазык аракеттери жок.

“Ташиев да, Жапаров да өзгөчө СИЗОдон кийин абдан таасирдүү саясатчыларга айланышты. Бул жигиттер камакта отурушсун, андан кийин чыгарышсын. Анткени алар эми өлкөнүн президенттигине ат салуулары мүмкүн, алар элдин мүдөөсүн айтып, ал үчүн отурушту”.

Саясый серепчинин пикиринде, ташиевдик саясый флешмоб калган саясатчыларын ысык баштарын токтотту. Мындан ары “тарыхый-философиялык секирик” болбойт, бул үчүн К. Ташиевге ыраазычылык билдирүү керек. “Ал митингдик аффектке алдырып койду, футболдо деле кыйкырып бирин бири уруп жиберишет эмеспи. Мамлекет дагы үч депутатка тарбиялык процесс өткөрүп туура кылды”, – деп жыйынтыктады сөзүн саясый серепчи.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru