Айбат » Төлөбек Абдрахманов, Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин ректору: «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында интер активдүү программалар иштегени турат»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Төлөбек Абдрахманов, Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин ректору: «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында интер активдүү программалар иштегени турат»

11111111111111Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул Жарлыкка мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн көптөгөн багыттары көрсөтүлүп, аны менен катар Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын балансында кыргыз тилин үйрөтүү боюнча бекер курстарды ачуу маселеси каралган экен. Бекер курстарды ачууга даярсыздарбы?

- Кыргызстан боюнча бир гана биздин университетте «Мамлекеттик тил жана маданият» институту бар. Бул убагында президенттин Жарлыгы менен атайын түзүлгөн болчу. Тилекке каршы, мамлекеттик тилге буга чейин жогорку бийлик тарабынан анчейин маани берилбей келгендиктен, аталган институт деле жигердүү салым кошо албай келген. Биз былтыркы жылдан бери карай бул институттун ишин жандандыруу максатында аракеттерди көрө баштаганбыз. Өткөндө Эгемберди Эрматов агабыз жаңы гана Мамлекеттик тил комиссиясына төрага болуп шайланган күнү биздин унивеситетке келип, мамлекеттик тил боюнча чоң конференцияга катышып кеткен. Ошондо Эгемберди Эрматов ага менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздин университеттин алдындагы «Мамлекеттик тил жана маданият» институтун бир жагынан ректорат көзөмөлгө алып, экинчи жагынан мамлекеттик тил комиссиясы көзөмөлгө алып, жигердүү иштетели деп сүйлөшкөнбүз. Буга чейин эле институттун базасында мамлекеттик тил боюнча курстарды ачууну пландаштырган элек. Анда акы төлөнүп окула турган дагы, акысыз дагы курстар болот дегенбиз. Анткени мамлекеттик тилди үйрөнүүнү каалаган ири фирмалардын өкүлдөрү болот. Аларга биздин адистер атайын барып сабак өтүп, же алар бизге келип сабак алышса болот. Ошол эле учурда акысыз дагы курстарды ачуу планда болгон. Азыркы күндө интерактивдүү программалар иштеп баштаганы турат. Фирмаларга, уюмдарга, жетекчилерге бир нече багыттагы сунуштар болот. Каалагандар акысын төлөп окуй турган курстардан үйрөнсө болот. Ошол эле учурда акысыз курстар да болот. Ал эми президенттин мамлекеттик тил боюнча атайын Жарлыгы чыккандан кийин бул иш-аракеттер дагы да күчүнө кирет деген ишенимдемин. Президенттин демилгесин андан ары өнүктүрүп, көмөк көрсөтүшүбүз керек.

- Президенттин Жарлыгы менен эми мамлекеттик тил комиссиясына мурдагыга салыштырмалуу эки эсе көп каражат которула турган болду. Демек, эми мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жакшы шарттар түзүлөт деп ишенсек болобу?

- Албетте, каражаттын көп болгону да жакшы. Бирок, менин жеке пикиримде каражаттын көп же аздыгында анча деле маани болбосо керек. Кеп аны кандай пайдаланганда болот. Өткөндө Кыргызстанга Австриянын президенти келип, анан биздин университетке да жубайы экөө атайын кайрылып кетишкен. Ошондо Австралиянын президентинин аялына: «Сиздерде билим берүү тармагына көп акча каражаты берилеби?» деген суроо берилген болчу. Ал: «Кеп каражаттын көп же аздыгында эмес, аны кандай колдонгондо» деп жооп берген. Менин оюм да ошондой. Бирок, каражаттын көп бөлүнгөнү да бир топ маселени жеңилдетет. Эми Эгемберди Эрматов ага дагы бөлүнгөн акчаларды туура бөлүштүрүп, андан жакшы натыйжа берет деген ойдомун. Биринчи кезекте, мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн гезит, теле-радио, деги эле массалык маалымат каражаттары менен дагы жигердүү иш алып барыш керек.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru