Айбат » Жоомарт Оторбаев: Өкмөт жакынкы 4 жылда донорлордон 4 млрд доллар алат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Жоомарт Оторбаев: Өкмөт жакынкы 4 жылда донорлордон 4 млрд доллар алат

жоомарт оторбаевКыргызстандын өкмөтү жакынкы 4 жылда эл аралык донорлордон өлкөнү өнүктүрүү үчүн 2 млрд доллар алат. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда алдыда боло турган форум тууралуу өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкан маалда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, алдыда боло турчу форумда акыркы 3 жылда эл аралык донорлор тарабынан бөлүнгөн каражаттардын колдонулушу тууралуу финансы министри Ольга Лаврованын доклады угулат.

“Биз албетте, дагы каражат алууга ниеттенип жатабыз. Бирок, айтылган жана ойлонгон нерселер дайыма эле ишке аша бербейт. Донорлор менен иштөөдө бардык милдеттерди так аткаруу керек. Азия өнүктүрүү банкы долбоорлордун талаптары так аткарылгандыгы үчүн кредиттик портфелди 30%га көбөйттү”,- деди Оторбаев.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru