Айбат » Мырзаевди ким тандаган?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мырзаевди ким тандаган?

11111111111111Быйыл  Кыргызстандын митинг өткөрүү системасында улам жаңы күчтөр, жаңы адамдар пайда болууда. Коомчулук көпчүлүгүн  биле бербейт. Териштире келсек, Бакиевдин куйругу же Акаевдин шорпосун ичкен жапма челек саясатчы сөрөйлөрдүн бири болуп чыга келет. Андайлардын катарына А. Мырзаевди кошолу десең, камгактай баркы жок. Болгону «Топоевдин топ ташы», Москвадагы айрым күчтөрдүн кыргыз жергесинде митинг уюштуруу боюнча «ыйгарымдуу өкүлү» имиш. Өткөндө жогорку жактан алган акчасынын отчетун бере албай дайнын таппай жатты эле, кечөө  жакында кимдир-бирөөлөрдөн миңдеген доллар алыптыр бакылдап жыйын өткөрдү. Жыйынга жыйылып келгендер өзү сыяктуу «же элге батпай, же  жерге жатпай», күлү бир жерге додо болбогон жалаң суу жукпастар экен…

Арасында Казыбек Шаимбетов, Динара Назаркулова өңдөнгөн кайир диндер жүрөт. Мырзаев мамлекеттик төңөкөрүш жасап бийликти ээлеп алууга аракеттерди жасоодо. Генералдар менен кеңешип, айрым бир саясатчылар менен акылдашып  көрүптүр. Кыскасы, кайрылбаган адамы калбаса керек.  «Октябрь төңкөрүшүнүн баатырлары»Ташиев менен Жапаровго кайрылган экен, аларың «эс алуудан жаңы гана чыктык, мээ кайык экенсиң, көп башты оорутпачы!»- деп айдап жолго салыптыр. Жайдын саратаны  Мырзаевдин мээсин бир аз эриткенби Ош базарындагы төлгөчүлөр менен олуя чалышмын дегендердин баарын кыдырып чыгыптыр. Алардын айткандарына  шердене түшкөнбү  уктаса түшүнө  Ак Үй, ойгонсо оюна Ала Тоо аянты кирет дешет. Башы калчылдап, колун булгалагандан башка  оозунан тыңгылыктуу сөз чыкпай баратат. Минте берсе Мырзаев үй-бүлөөсүн,туугандарын кыйнап бүтөт го, андан көрө эрте жарыкта Чым-Коргондогу жин ооруулуулардын ооруканасына жаткызып, болбосо укук коргоо органдары анын кылган аракеттерине мыйзам  чегинде жооп бере тургандай иш чараларды кабыл алышы керек. Качанка чейин Мырзаевге окшогон журт бузарларды эркелете беребиз. Же Ташиев-Жапаровдордун эстафетасын Мырзаев улантсынбы? Качан Кыргызстанда мыйзамдуулук орнойт? Кош бийликтин акыры болобу? Эл тажап бүттү.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru