Айбат » Мамлекет эгинди дыйкандардан базар баасында сатып алат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Мамлекет эгинди дыйкандардан базар баасында сатып алат

p-0001_100516Мамлекет быйылкы кылкандуу дан-эгиндеринин түшүмүн дыйкандардан базар баасында сатып алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Кылкандуу дан-эгиндерди жыйноонун башталышы менен кээ бир дыйкандар запасты толуктоо үчүн мамлекет эгинди сатып албайт деп кооптонууда. Андай кооптонууга негиз жок”,- деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, быйыл мамлекет Мамлекеттик резерв фондунун линиясы аркылуу 20 миң тонна буудай сатып алат жана 5 миң тонна буудайды унга алмаштырат. Эгинди сатып алуу төмөндөтүлгөн баада эмес, базар баасында болот.

Учурда сатып алуу баасы тууралуу документ макулдук алуу үчүн Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агентигине жөнөтүлдү,- деп айтылат билдирүүдө.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru