Айбат » Мамлекеттик айыптоочулар таштанды чогулткучтарды сатып алуудагы Тулеевдин коррупциялык схемасын табышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мамлекеттик айыптоочулар таштанды чогулткучтарды сатып алуудагы Тулеевдин коррупциялык схемасын табышты

Нариман Тулеев

Мамлекеттик айыптоочулардын версиясы боюнча Нариман Түлеев 2008-жылдын июль айында Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызматтагы адамдары жана ага жакын мамиледеги башка адамдар менен укукка каршы келген бекем байланышты түзүп, Кытай Эл Республикасынан таштанды ташуучу унааларды ташууну уюштурган. Аны менен бирге алардын баасын дагы көтөрүп жиберген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын пресс-борбору маалымдайт. Анда иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча өтө чоң суммадагы акча каражатына ээ болуу максатында Бишкек шаарынын материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы 16 даана таштанды чогултуучу унааларды сатып алуу жана алып келүү боюнча 2008-жылдын 6-октябрында тендер (атайын жасалган фиктивдүү) өткөрүлгөн деген документти түзүп жиберген. Ал тендердин жалпы суммасы 27 375 000 сом.

 

Бул атайын жасалган тендерге «Локо ЛТД» ЖЧКсы (негиздөөчүсү жана башкы директору Ж. Сыдыков Н. Түлеевдин биринчи аялы М. Сыдыкованын бир тууганы) жана факты жүзүндөгү ээлери Н. Түлеевдин туугандары болгон «Айрус» ЖЧКсы катышкан. «Айрус» ЖЧКсы (ошол учурда ЖЧКнын акцияларынын контролдук пакети Н. Түлеевдин бир тууганынын аялы А. Тынымсейитовага таандык болгон) жеңүүчү деп табылып, анын негизинде кылмыштуу жол менен табылган акчалар легалдаштырылган.

 

Маалыматта, тендердик комиссиянын башчысы болуп ошол учурдагы Бишкек шаарынын вице-мэри, мурда Түлеев менен «НК «КТЖ» мамлекеттик ишканасында иштешкен жана Түлеевдин протекциясы менен кызматка дайындалган Валерий Корниенко эсептелгендиги айтылган. Комиссиянын мүчөлөрүнөн : Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалыкты камсыздоо» бөлүмүнүн жетекчиси Р. Сарпашев жана комиссиянын катчысы Бишкек шаарынын УМТО мамлекеттик сатып алуу бөлүмүнүн жетекчиси Б. Токтобеков (Нариман Түлеевдин атасы менен туруктуу үй-бүлөлүк достук мамилеге ээ, тагыраак айтканда анын досу Т. Керимбаевдин уулу жана көптөгөн жылдар аралыгында «Темир» мамлекеттик ишканасында , андан кийин «НК «КТЖ» мамлекеттик ишканаларында иштеген, Н. Түлеевдин убагында ушул ишканаларда жетекчи), тендердик комиссиянын буйруктарын чыгарган маалда аталган кызматтарда иштешкен эмес. Жыйынтыгында таштандыларды жыйноочу автоунаалардын жана бажылык чыгымдардын наркын жогорулатууну эске алып 28 123 325 сом чыгым келтирилгендиги айтылган.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru