Айбат » АКШнын атайын кызматы төңкөрүштөрдө кантип акча табат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » АКШнын атайын кызматы төңкөрүштөрдө кантип акча табат?

долларыАКШнын атайын кызматы дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө мамлекеттик төўкөрүштөрдү уюштурууда катышканы аз келгенсип, бир эле убакта өз кыйраткыч иш-аракетин конкреттүү кирешеге айлантуу максатында финансылык рыноктордо ойногонду да унутушкан эмес, деп “Россия үнү” “АКШ атайын кызматы төўкөрүштөрдө кантип акча табат” деген макаласында жазыптыр.

Салыштырма анализдин негизинде үч таасирдүү дүйнөлүк институттун – Берклидеги Калифорниялык университеттин, Гарвард университетинин жана Стокгольм университетинин адистери Улуттук коопсуздук агенттиги, ЦРУ жана башка америкалык кызматтар тиешелүү жашыруун маалыматка гана ээ болбостон, аны финансылык киреше табуу максатында да колдонушканын таап чыгышты.

Мындай көрүнүш 1950-жылдары Иран жана Гватемаладагы төнкөрүштөрдө, 1973-жылы Чили президенти Сальвадор Альендени кызматтан кууганда жана 1961-жылы Кубага каршы ийгиликсиз операция убагында орун алган.

АКШга жакпаган башка өлкөлөрдөгү режимдерди кулатуу америкалык атайын кызматтын негизги маселеси экени айдан ачык. Бул жаатта экономикалык (тагыраак, геоэкономикалык) кызыкчылыктар даана байкалып турат. XX кылымдын биринчи жарымындагы таасирдүү америкалык дипломат Жорж Кеннандын айтканын эстесек. Латын Америкадагы АКШнын дипломаттарына инструкция берип жатып, ал “АКШнын карамагына өтүүчү пайдалуу кен байлыктарын сактап калуу” менен биргеликте аракет жүргүзүү керектигин айткан.

Белгилүү болгондой, батыштагы аскердик операциясынын Ливиядагы башталышына аз калганда, ошол убактагы өлкөнүн лидери Муаммар Каддафи улуттук нефть рыногунда чет элдик компаниялардын позициясын алсыздандыруу максатында бир катар чараларды көргөн. Ал концессиялар боюнча макулдашууларды кайра карап чыгууну жарыялаган.

Натыйжада, батыштын компаниялары алынып жаткан нефтинин 20 гана ээ боло алышмак, буга чейин бул көрсөткүч 52га жетип аткан. Көпчүлүк эксперттер батыштык коалициянын Ливиядагы операциясын “гуманитардык интервенция” эмес, “нефть согушу” катары баалашкан.

Бирок учурдагы АКШ менен Швециянын биргелешкен иликтөөлөрүнүн материалдарынан белгилүү болгондой, ири геосаясый жана геоэкономикалык кызыкчылыктарды камсыздоодон тышкары, ЦРУ жана АНБ өз иш-аракетинен акча табуу үчүн биржада ойноо менен алектенишкен.

Мунун схемасы өтө жөнөкөй болгон. Атайын кызматтар ичтен иритүүчү операциялар тууралуу ички маалыматтарды трансулуттук корпорацияларга жана башка фирмаларга жеткирип турушкан, компаниялар болсо бул маалыматты биргелешкен максималдуу киреше табуу үчүн колдонуп турушканы белгилүү болду.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru