Айбат » Кулматов: Биздин команда өз милдетин аткарып бүттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кулматов: Биздин команда өз милдетин аткарып бүттү

Кубанычбек Кулматов

“2010-жылдын апрелинде бекитилген команда өз милдетин аткарып бүттү”. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда, “ВБ”га Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов билдирди.

Ал анын кызматтан кетүүсүн саясатка айландырып жибербөөгө чакырды.

“Мен өз каалоом менен кетип жатам. Биз өз милдетибизди аткарып бүттүк, эми жаңы келген команда биздин ишти улап кетүүсү керек. Учурда Мамлекеттик бажы кызматынын башына чыныгы кесипкөй адамдар келди “, – деди Кулматов.

Ал эми президенттин кеңешчиси болуп дайындалуусу ал үчүн күтүүсүз болгондугун айтты.

“Бүгүн мен президент Алмазбек Атамбаев менен жолугам. Ошондо менин алдыма коюлган милдеттемелерим так аныкталат”, – деди Кулматов.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227046




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru