Айбат » “Учур” учуртмасын учуруп, апыртмасын апыртып баштаганда…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Учур” учуртмасын учуруп, апыртмасын апыртып баштаганда…

11111111111111“Учур” гезити реабилитация болуптур. Өзү жазмакчы, “белгилүү тележылдыздын” чабуулунан кийин тамтаңдап, чалынып, кулап түшөйүн деп барып, кайра оңолуптур.

А бирок ичиндеги жазылгандары оңолбой,  тескерисинче арты менен кетип атканына гезит беттерин барактап көрүп байкадык. Эми ушунча реанимацияга жатып чыккандан кийин, ички дүйнөнү деле оңоп алса болмок. Баягы эле таз кейпинде.

Бу гезитти окуп атып деги ичиндеги материалдарды жаттап бүттүк. Бир жаңычылдык жок. Ким акча төлөсө, мактап-жактамай, бербегендерин “сокмой”, анан эле митинг, пикет, төңкөрүш менен коркутмай.

“Атамекенчи” Туратбек Мадылбеков баласы экөө олчойгон чампаны өздөрү жаза басып алып, кайра элдин баарын коркутканына жол болсун. Булардын күнөөсү аттын кашкасындай көрүнүп турса да бу гезиттин башредактору шайтанга дагы жанын сатып ийүүгө даяр окшойт, канча санынан бери колдоп, оозуна акча сугунткан сайын, Мадылбеков менен анын уулун апакай кылып көрсөтүү аракетин улантып келет.

Эми Чүйдүн тыңчыкма жигиттери Мадылбековдун мародер уулун колдоп митингке чыгат экен деп гезит баарыбызды коркутуп атат. Чыга беришсин! Кимдин ким экенин ошондо көрө жатарбыз.

Ал эми бийликтин сересине учкаша албай тырмалаңдап аткан Кубанычбек Кадыровду жазбай деле койсо болот, бирок бир аз ага да убакыт коротуп коюуга туура келип атат. Бу эргул ансыз деле тынч эмес абалды колдонуп кетейин деп көлдүктөргө күйүмүш киши болуп чыга калганына аз күн болду. Гезиттин жазганына караганда, көлдүктөр Каптагаевди эмес, Кадыровду губернатор көргүсү келип жатыптыр. Анда акыркы болуп өткөн жана боло турчу көлдөгү ызы-чууларга Кадыровдун тиешеси түздөн-түз бар экен деп эсептей берсе болчудай. Тынч элди чукумайларга Кадыров да кошулуптур деп эсептей берели.

Ал эми “Учур” сыяктуу учуртма, апыртма гезит болсо канча жылдан бери элди тынчтыкка үгүттөп, тынч, бакубат жашоо тууралуу жазбастан, кайрадан абалды курчутуп, ким акча берсе ошонун чоорун ышкырткан жалаяктай эле болуп калды окшойт.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru