Айбат » КМДБ мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » КМДБ мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктады

КМДБ

Урматтуу мусулмандар!

Сиздерди мээрим, кечирим жана тозоктон кутулушка себеп болгон, берекелүү Рамазан айынын кириши менен куттуктайм.

Орозо айынын урматында Аллах Таала мамлекетибизге тынчтык, элибизге ынтымак, ар бир үйгө береке, жарандарыбызга ден-соолук жана кабыл болгон дубаларды насип кылсын.

Аллах Тааланын буйруктарын аткаруу менен дубаларыбызды кайтарылгыс кылалы. Урматтуу мусулмандар, жайдын ысык күнүндө туткан орозонун сообу эселенип көбөйөт. Ниетибизди бекем жана чечкиндүү кылып орозобузду баштайлы, ошондо Аллах Таала биздин эркибизди жана чечимибизди бекем кылат.

Жараткан  баарыбызды Рамазандын аягына чейин жеткирсин, орозобузду жеңилдетип, ибадатыбызды кабыл кылсын.

Терең урматтоо менен,

Кыргызстан мусулмандарынын

Азрети муфтийи

Рахматулла ажы Эгембердиев

08-Июль 2013-жыл



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru