Айбат » Болот Шер позициясын жоготтубу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Болот Шер позициясын жоготтубу?

11111111111111«Баатыр энелерди» казкатар тиздирип Ош-Бишкек жолун тосуп, аялдар «батальонун» сотторго тукуруп, аларды бөтөлкө, батинкелер менен ур-токмокко алдырып жатып эркиндикке чыккан «Ата журт» партиясынын үч «тентеги»Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 6-июлда Таласта жолугушуу өткөрүштү.

Маалыматтарга караганда, жолугушууга 350—400гө чукул киши келиптир. Маселе мында деле эмес, кептин төркүнү башкада. «Ата мекен» партиясынын лидерлеринин бириБолот Шер жолугушуудан кийин «ата журтчуларды» Манас районундагы Чоң-Капка айылында мейманчылаптыр.
Болот Шердин кыргыздын салтын жасап коноктогону жакшы. Бирок, мындан беш жыл мурдагы Ысык-Көлдүн Түп районундагы окуяны эстейличи. Ошондо Шер баштаган оппозицияны Түптөгү ОБОНчулар жумуртка менен кучак жая тосуп алып, тигилерди жумуртка менен «аткылаганы» белгилүү. Ал эми «жумуртка операциясын» Садыр Жапаров уюштурганы заматта билинип калган. Бул Болот Шердинэсинен чыкпаса керек.
Анын үстүнө, үч эрен эски шефи Курманбек Бакиевди мекенине кайтарып келүү убадасын аткарууга белсене киришкени жамы журтка дайын. Бакиев режиминин элдешкис душманы Болот Шер неге Бакиевдин «бөлтүрүктөрүнө» келиндей жүгүнө сый көрсөтүп, оозу-мурдуларын казы-картага майлап жатыр? Же «мародер-гейт» чатагынан кантип кутулуунун амалын билбей аргасы куруганда «бөлтүрүктөргө» жагынып жаткандагысыбы? Дүнүйөң түшкүрБолот Шерди «сындырып», багытынан тайдырса, анда калган азаматтардын акыбалы кантет?




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru