Айбат » Рахматулла ажы Эгембердиев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы: «Жөнөкөй айлардан айырмаланып, орозо айында 10 эсе көп сооп алабыз»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Рахматулла ажы Эгембердиев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы: «Жөнөкөй айлардан айырмаланып, орозо айында 10 эсе көп сооп алабыз»

ажы- Ыйык орозо айынын башталаар күнү буга чейин талаш – тартыш болуп келди эле.  Быйыл так датасы кандай аныкталды?

– Уламалар кеңешинин акыркы чечими боюнча ушул айдын 9у ыйык орозо айынын башталышы деп белгиледик. Курани Каримде «Оозуңарды айга карап жапкыла, айга карап ачкыла»- деп айтылган. Мусулмандардын бүткүл дүйнөлүк календарына ылайык белгиленген күндү Ыйык Орозо айы катары кабыл алабыз. Бул календарь менен көптөгөн мусулман жана мусулман эмес өлкөлөр белгилеп келишет. Сауд Аравиянын өзүндө, Түркияда, Египетте да ушул календарь колдонулат. Эгерде жакынкы күндөрү өзгөрүп кала турган болсо, дагы кошумча кабарлайбыз, бирок 9-июнду биз расмий түрдө бекиттик. 8-август Орозо айт күнү болот.

- Быйылкы Ыйык Орозо айы жайдын аптаптуу күндөрүнө туура келип атат.  Мунун сообу да ошого жараша болобу?

– Албетте ар бир ибаддаттын машакаты болот. Быйылкы Орозо айы маалында күн узак, түн кыска болот. Күн чыгаарда оозду бекитип, күн батканда оозуңарды ачкыла делинет. Демек быйылкысында 18 саатка чейин орозо кармашка туура келип атат. Кыш мезгилдеринде 8 – 9 саат кармасак, азыр 18 саат кармайбыз. Эки эсе узак убакыт болуп атат. Экинчиден ысык мезгил, адамдар алсырап, чаңкаган кез. Орозонун философиясы, негизги максаты ушунда. Албетте Алаа Таалла биздин кыйналуубузду каалабайт, бирок ушул кыйналуу менен биздин напсибизди, өзүбүздүн ички дүйнөбүздү тарбиялоого жол көрсөтүп атат. Орозо биринчи кезекте ибадат болсо, экинчи кезекте өтө чоң тарбия. Ушундай ысыкта өзүбүздү өзүбүз суудан, тамактан тыйып атабыз. Чаңкап турганда суудан ичкибиз келет, курсагыбыз ачканда тамак жегибиз келет же башка дагы орозодо тыю салынган нерселерди жасагыбыз келип атат, бирок бул мүмкүн эмес. Сен жесең да болот, суудан ичсең да болот. Бирок сен «жок, мен орозо кармап атам, Алланын өкүмүн аткарып атам» -деп өзүңдү өзүң тыйып атасың. Бул өтө чоң тарбия. Алла Таалла ошол ибадаттын аркасында чоң күч берип атат. Аллаа Таалла сага күнүгө «ме жегин»-деп тамак ашты берип турган экен. Ошону сен орозо кармап жатканда билесиң, түшүнөсүң, тамактын кадырын, ачкачылык кандай экенин билесиң. Экинчиден өзүбүздүн ден соолуктун баалуугун билебиз. Үчүнчүдөн, биз кайдан келгенбиз жана кайда барабыз деген суроого жооп издөөгө жол көрсөтөт. Адам орозону бек кармаган болсо, өзгөчө ушундай ысык күндөрдө кармаган болсо, албетте сооптору да ошого жараша болот.

- Орозо кармагандарда адатта оозу-мурдумду чайкап алсам болобу, сууга түшсө болобу деген суроолор пайда болушу мүмкүн?

– Аябай ысык болсо оозу – мурдуңа, кулакка суу киргизбей чайканып алса болот. Өтө этият болуш керек, анткени сен орозо экениңди билип туруп чайканып атасың. Бирок атайылап, Ысык-Көлгө же башка жакка барып, убакытты өткөрүш үчүн эртеден – кечке сууга түшкөн болбойт. Орозо айы ибадаттын айы. Көбүрөөк ибадат кылыш керек. Алла Таала айткан «жакшылыкка жарышкыла, чуркагыла»- деп.  Жөнөкөй айлардан орозо айынын айырмасы – бул айда 10 эсе көп сооп берилет. Мисалы Куран окуй турган болсоң, ар бир тамгага 10 сооп берилет. Ар бир жасаган жакшы ишиң 10го көп эсептелет. «Кимде ким зекет бере турган болсо ушул айда беришсин» – дейт. Зекет да ибадат. Мисалы муктаж болгондорго 10 сом садага берсең, 100 сом бергендей сообун аласың. «Намазыңарды ушул айда көбөйткүлө» – дейт пайгамбарыбыз. Беш маал намаз парз кылынган, биз ошого карабай 20 рекет таравих намазын окуйбуз. Кечинде өлкөбүздүн баардык мечиттеринде эл көбөйгөндө таравих намазы  окулат.

- Мындан башка дагы кандай ибадаттар бар?

– Этикаф деген бар. Бул күнү-түнү мечитте болуп, намаз окуйт. Бир күндүк, үч күндүк, он күндүк  деген этикафтар бар. Бул ибадаттын да сооптору өтө чоң. Ооз ачыруу деген да бар.

- Кайсы кишилерге орозо кармоого болбойт?

– Биринчи кезекте оорулуу адамдарга. Эгерде ооруусуна ачка калу зыян келтирсе, анда ага уруксат берилет. Мындан тышкары эмизген айымдарга, убактысы жакындап калган кош бойлууларга уруксат берилет. Ошондой эле алыска сапар чыккандарга б.а. мусаапырларга. Алар кайтып келгенде кармаса болот.

- Орозо айы мээримдүүлүк, кайрымдуулуктун айы эмеспи. Муфтият тарабынан жетим-жесирлерге кандай жардам берилет. Тартиби кандай?

– Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) өзү тоголок жетим болгон.  Пайгамбарыбыз жетимдер боюнча өтө көп осуяттарды, насааттарды калтырып кеткен. Кимде ким жетимдерди караган болсо, кубандырып, сүйүндүргөн болсо, мени менен бейиште эки колумдай чогуу болот деген. Жетим – жесирлер, майыптар бул айда гана эмес, жылы бою муфтияттан жардам сурашат. Биз аларга мүмкүн болушунча жардам берүүгө аракет кылабыз. Куранда айтылат, «кимдир бирөө сенден жардам сурап келсе, колун суутпа» -деп. Биз дагы болушунча жардамыбызды аябайбыз. Чынын айтканда муфтияттын бюджетинен миллиондогон сумманы ушундай жардамга муктаждарга берип келебиз. Бизде баардыгынын эсеп-кысабы бар. Орозо бүткөн күнү айт намазы бүткүчө милдеттүү түрдө  берилүүчү фитир саадага деген бар. Топтолгон ал акча жетим-жесирлердин акысы деп айтылат. Ал акчага мечит салып же башка муктаждыктарга жумшаганга болбойт. Эртеңден баштап жардамга муктаж адамдар бизге арыз ташташат, болжолдуу 1,5 миң кишиге, ооруканаларга, карылай үйүнө, жетимдер үйүнө жардам беребиз. Жардамдын суммасы 500 сомдон 100 миң сомго чейин жетет. Мындан тышкары биз ар бир мечитте иптар беребиз. Биздин борбордук мечитте күнүгө 1000 кишиге чейин иптар берилет. Кээ бир окуу жайларда да иптар берсекпи деген ниетибиз бар. Иптар бул символикалуу тамактануу. Адам аябай курсагы ачып келип,  жалынып-жалбарып Алла Таллаага сыйынып аткандагы дуба кабыл алынуучу, кайтарылбас дуба болуп эсептелинет. Ошондой маалда мусулмандар арасында бири-бирине болгон мээрим, урмат-сый артат. Ошондо иптардын берекеси артат, максаты да ошол.

-Быйылкы фитир садагынын суммасы канча сом?

– Быйылкы фитир садаганын суммасы 30 сом болду.

- Ажылык сапар тууралуу да айтып берсеңиз, быйыл канча киши барат, суммасы канча?

– Быйыл ажылык сапарга 3,600 адам барат. Адатта бизге 4,500 квота берилчү эле, Меккедеги курлуш иштерине байланыштуу быйыл 900гө кыскартып коюшту. Баасы 2300 доллар. Андан ашыкча берилбейт. Кимде ким андан ашыкча берип, паралаганга аракет кылмакчы болгондорго эскертип кетейин, алардын ажылыгы туура эмес болуп калат. Эгерде кимде ким ошондон ашыкча сумма  сунуштап аткан болсо, туура эмес иштерге барып аткандар болсо бизге тезинен кабарлап коюңуздарды өтүнүп кетем.

- Ажылыкка акысыз барууга кимдердин укугу бар?

– Сауд Араваиясынын королу жыл сайын дүйнөдөгү мусулман жана мусулман эмес өлкөлөргө 1,5-2 миңди  «королдун коноктору» деп атайын таркатат. Аны ар бир өлкөнүнү элчиликтери өз өлкөсүндөгү эмгеги сиңген аттуу-баштуу инсандарга бөлүп берет. Бекер квотанын муфтиятка эч тиешеси жок. Аны Тышкы игштер министрлигинен, элчиликтен таркатышат. Былтыр биздин өлкөгө 20дай бекер квота бөлүнгөн.

- Мусулман мекендештерибизге болгон куттуктооңуз?

– Биссмилла рахман рохиим, урматтуу мекендештер, мусулман бир туугандар, Сиздерди айлардын падышасы болгон Ыйык Орозо айынын кириши менен куттуктаймын! Ушул айдын себеби менен бизге Алла Таалла баардыгыбызга ырыскы, ынтымак, береке алып келген болсун. Бири-бирибизге сүйүү, мээримдүүлүк берсин. Урушкандар, араздашкандар болсо ушул айда жарашып, бири-бирин кечиришсин. Ушул  айда кимде ким оорукчандарды зыярат кылдыра турган болсо, жетим-жесирлерди сүйүндүрө турган болсо аябай чоң соопторду жазган болот. Башка убакыттарга карганда быйылкы орозо айы жайдын аптаптуу күндөрүнө туш келгендиктен орозо кармаган бир туугандарыма сабырдуулук тилейт элем. Баардыгыңыздарды ыйык орозо айы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru