Айбат » Бактыбек Жусубалиев, Ички иштер министринин биринчи орун басары: “Сезимимде катуулук менен жумшактыктын кагылышы болсо керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бактыбек Жусубалиев, Ички иштер министринин биринчи орун басары: “Сезимимде катуулук менен жумшактыктын кагылышы болсо керек”


jjjjjjjjjjjjjjИчки иштер министринин 1-орун басары Бактыбек Жусубалиев менен маегим жакшы саамалыкты  утурлай  болду. Жети-Өгүз районунун жетекчилигинин атынан бир катар активисттер атайын келип, Бактыбек мырзага “Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу” наамын тапшырышты. Наамды тапшыргандар  кыйын, курч кырдаалда Бакктыбек Жусубалиевдин  комендант катары коомдук тартипти камсыз кылууда кырдаалды туура баалап, мыйзам чегинде иш жүргүзүп, башаламандык, тартипсиздикке жол бербегендигин айтышып, райондун жетекчилигинин, элдин атынан ыраазылыгын билдирип, бул наамды ыйгаруу райондун 223 депутатынын бир добуштан кабыл алынган чечиминин негизинде болгондугун айтышты.

- Бактыбек мырза, биздин гезиттин атынан бул ардактуу наамыңыз менен куттуктап кетели.

– Рахмат.

- Айтсаңыз, Жети-Өгүздө коменданттык милдетиңизди аткарып атканда, биринчи кезекте эмнени ойлодуңуз?

– Эң ириде элдин, милиция кызматкерлеринин аманчылыгын ойлодум. Элдин арасынан набыт болуп кетсе, бул эң жаман болмок. Ага кооптонууга толук негиз бар болчу, кырдаал курч эле. Азыркы биздин кээ бир саясатчылардын бөйрөктөн шыйрак чыгарып турган маалында ал нерсе алардын чырагына  май тамызып, көктөн издегендери жерден табылгандай болмок. Ошондуктан мен1-кезекте ушул нерсени ойлоп, кан төгүлбөсө экен деп жүрдүм.

- Комендант катары кылган эмгегиңизди, аракетиңизди баалап, райондун ардактуу атуулдугун бергендигине өзүм күбө болдум. Бирок ошого карабай сизди  ошол окуяга байланыштырган негативдүү маалыматтар маалымат каражаттарында жазыла  калып жүрөт. Муну кандай түшүндүрөт элеңиз?

– Бизде көралбастык деген эң жаман көрүнүш бар. Тилекке каршы, бирөөнүн жакшы ийгилик, бийиктиктерине башкалардын баары эле кубанбайт тура. Көралбагандар да болот экен. Ошолордун буюртмалары менен жазылып аткандар катары кабыл алам. Эч кандай маани бербейм. Башкысы, менин ишимди эл, катардагы милиция кызматкерлери билет, көрүп турушат. Биз ал күндөрү мыйзамга каршы иш кылган жокпуз. Бардык аракеттерибиз элдин аманчылыгына, тынччылыгына гана багытталды.

- ИИМ ичинде интриганын күч экендигин, министр болгусу келген жогорку кызматтагы погондуулардын арасында тымызын да, ачык да тирешүү бар экени айтылып келет…

– Азыр дегеле биздин өлкөдө интрига деген күч алды. Андай көрүнүштөр милицияда эле эмес, бардык министрлик, ведомстволордо бар. Болгону элдин баары милицияны карап тургандыктан, биздики дароо көрүлүп, байкалат окшойт. Негизи “министр кетет экен, ордуна тигил же бул келет имиш…” деген сыяктуу сөздөр жылда эле айтылат. Анан “кетет имиш” дегендей сөздөрдөн соң ал чын, калпын аныктабай эле ордуна келчүлөр ар кандай маалыматтарды таркатып  имиш, ушак кептерди андан бетер күчөтүп ийишет. Кээде атайылап имиш кептерди таратышат.  Мен муну  пастыктын жеткен чеги деп эсептейм. Эч качан адам башка адамды жөнү жок, негизсиз каралап, ушактабашы керек. Мусулманчылыкта бул чоң күнөө, эч качан кечирилбейт. Мисалы, мен жакшы, жаман күндөрдө бирге болуп, бирге иштешип жүргөн адамдар жөнүндө жаман сөз айтып, каралаганга дегеле  дитим барбайт.

- Кыргыз милициясына реформа жасоо аракети көптөн бери айтылып келатат. Өмүр бою милиция болуп иштеп келаткан адам катары айтсаңыз, кыргыз милициясына кандай реформа керек?

– Мен реформа деген сөздү колдонууну туура эмес көрөм. Өзүңүз билесиз, “ре” деген  сөз терс маанини берет. Мисалы, регрессия, репрессия ж.б. Биз кыргызча эле “ишибизди мыктылап, жакшыртуу үчүн эмне кылышыбыз керек?” деген суроону коюп, ошонун үстүндө иш жүргүзгөнүбүз туура. Биз учурда жакшы багыттарды белгилеп, анын үстүндө иштерди алып барып атабыз. Айтсак, ишибизди мурдагыдай  баалабай, элдин ишениминин индексин жогорулатуу зарыл. Элдин ишеними жогору болсо, эл милицияга ишеним артып турса, бизге андан өткөн эмне керек? Мындан сырткары, ИИМдин эл аралык рейтингин жогорулатуу үстүндө иштегенибиз оң. Эл аралык рейтингибиз жакшы болсо, бул бизге эл аралык коомчулуктун, эл аралык институттардын берген баасы болот. Ишибизди жакшыртууга тоскоолдуктар да бар. Эң негизгиси, финансынын жетишпестиги бизди дайыма кыйнап келет. Мен үчүн реформа деген кампанияга айланып, анын негизинде туура эмес иштер кылынып, шашкалаң чечимдер кабыл алынгандай туюлат. 20 жылдан бери реформа жүргүзүп келатабыз, бирок жыйынтыгы көрүнгөн жок. Эки башкармалыкты бириктирип, же бир башкармалыкты үчкө бөлүп коюп, реформа болуп атканы айтылган учурлар болду. Орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт. Ишибизди жакшыртуу, мыктылоо дайыма болуп турушу керек. Бир ирет чоң өзгөртүүлөрдү жасап, эми мындан ары баары жакшы болот деген туура эмес. Эң ириде мыктылоо  болочоктогу милицияны тарбиялап, даярдап чыгаруудан башталууга тийиш.

- Кадр маселеси жөнүндө сөз кылып калдыңыз. Буга чейин ИИМдин академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик даярдыгы начар экендиги айтылды эле. Кадр жагын кантип чечип атасыздар?

– ИИМдин академиясына кабыл алуу башталды.  Буга чейин 250дөн баланы кабыл алып келсек, быйыл 130 гана бала окууга кабыл алынат. Сандыктан сапатка өтүүнү чечтик. Мындан ары  чындап милиция болгусу келгендер, бардык жагынан талаптарга жооп бергендер академияга өтөт. Мурда академияга акчанын күчү менен өтүп келгендер болсо, эми андайга жол берилбейт. Атайын комиссия түзүлдү. Окууга кабыл алуу сынагы катуу тартип, талаптын негизинде өткөрүлүп, ага комиссиядан сырткары сырттан да адамдар катышат.

Дагы бир айтчу нерсе, 50 бала жогорку билими барлардын арасынан тандалат. Буларды 1 жылдык мөөнөт менен окутуп, даярдайбыз. Анткени жогорку билимдүүлөр арасында да милиция болууну көксөгөндөр, дегдегендер бар. Ушундай балдарды милицияга тарсак, болочоктогу милиция кызматкерлерин катуу сынак аркылуу тандасак, менимче кадр саясатын туура жүргүзгөн болор элек.

- Сиздердин араңыздарда баңгизат ж.б. кылмыштуу бизнестерди “крышалап” жүргөн милиция кызматкерлери да жок эмес. Аз күн мурда эле бири баңгизат бизнеси, бири мал уурулук менен шугулданып жүргөн милициялар колго түшүрүлдү.  Сиз муну кандай түшүндүрөсүз? Андай милицияларга каршы кандай чаралар көрүлөт?

– Баңгизатка, мал уурулукка аралашып кеткендерди биз өзүбүз кармап атабыз. Аларды жаап, жашырган жокпуз. Биздин министрликтин кызматкерлеринин саны башкалардыкына караганда көптүк кылат. Адам көп болгон жерде ар кандай адамдар кездешпей койбойт экен. Мындай кызматкерлерге аео болбойт, мыйзам чегинде тиешелүү жазаларын алышат. Кылмышкер милицияларга  милицияда орун болбошу керек. Буга окшогон милиция кызматкерлери дагы да бар. Дагы да кылмыштуу иштерди кылып жүрүшөт. Биз андайлардан тазаланып, кармап, колго түшүрүп, милиция органындарына жолотпойбуз. Милиция бир ирет соттолсо, анын кайрадан милицияда иштегенге кымындай да акысы жок. Атүгүл туугандарынын арасында сот жообуна тартылганы үчүн да милицияда иштей албайт.

- Азиз Батукаевдин абактан бошонуп, өлкөдөн чыгарылып кетиши менен Кыргызстандагы кримдүйнө баш көтөрүп, криминалдык абалдын курчушуна кооптонууларын билдиришкен. Кыргызстандагы учурдагы криминалдык абалды кандай баалайсыз?

– Азыркы криминалдык абал стабилдүү. Кылмыштуулуктун  катталышы былтыркы жылга караганда азайып келатат. Батукаевге байланышкан кооптонуулардын негизи болуп калышы мүмкүн. Бизде Кыргызстандан чет жерде жүргөн мигранттарга Батукаевдин балдары тарабынан кысымдар көрсөтүлүп аткандыгы боюнча оперативдүү маалыматтар бар. Бул багытта иштерди жүргүзүп атабыз. Жакында биздин кызматкерлер Москвага барып, ал жактын күч органы менен бирдикте 13 кылмышкерди колго түшүрүп келишти. Опер кызматкерлер бүгүн да ал жакта иштеп атышат. Кылмышкерлерди кармоо боюнча биздин Россия, Казакстан ж.б. өлкөлөр менен макулдашууларыбыз бар. Жакында эле мен Бишкекте Казакстандын ички иштер министринин 1-орун басары менен жолугуп, бул багытта макулдашып, чечишип алдык. Казакстанда да биздин кызматкерлер кылмышкерлерди кармоо боюнча көп иштерди жүргүзүп атат. Андыктан криминалдык абалдын курчуп кетишине кооптонууга негиз жок. ИИМдин тиешелүү бөлүм, башкармалыктары бул багытта тиешелүү чараларды көрүүдө.

- Погондуулардын ыр жазып, көркөм сөз курап, чыгармачылык менен алектенүүсү сейрек көрүнүш. Бирок сиздин  кээде ыр жазарыңызды билебиз…

– Мен көп нерсеге сезим менен карайм. Бат кубанып, бат кайгырып, бат ыйлайм. Ошондонбу ыр да, кара сөз да жазып жүрөм. Ырларым укмуш деп айта албайм. Бирок илхом келгенде ыр саптарын кагазга түшүрөм. Сезимдерди ыр аркылуу билдирем. Пенсияга чыкканда окуучулук, студенттик кезден тартып жазган ырларымды чогултуп,  ылгап жыйнак кылып чыгаруу максатым бар. Кээде гезиттерге жазган ырларымды чыгарам. Окугандар жакшы пикирлерин айтып калышса, кубанып, курсант болуп, сыймыктанып калам.

- Сиздин  жан дүйнөңүздө кээде катуулук менен жумшактыктын кагылышы болбойбу? Сиз ыр жазганда ички дүйнөңүздү жумшактык, назиктик уялаганы менен жумушуңуз катуулукка тарбиялап койгон да…

– Андай учурлар да болот. Кээде кылмыш кылган адамдарды карап олтуруп, аларды аяп кетем. Арасында кокустан, же турмуштун оордугунан кылмышка аралашып калгандары да бар. Алардын кийинки тагдырлары кандай болот? деп ичим ачышат. Көпкө чейин ал адам жөнүндө ойлонуп жүргөн учурларым болот. Менимче, бул менин сезимимдеги  катуулук менен жумшактыктын кагылышы болсо керек.

- Милиция болбой калсаңыз, ким болмоксуз?

– Милиция болуу менин балалыктан каалаган кыялым болчу. Башка кесипке ээ болууну эч качан ойлогон эмесмин.  Себеби атам милиционер эле. Атам айылда сары Урал мотоциклинде участкалык милиция катары айылды аралап жүрсө, мен атам менен сыймыктанчумун. Буйрук экен, мен эле эмес бир туугандарым, күйөө балам да милиция кызматкери. Ошентсе да кээде милиция болбогондо жазуучу болмок белем дейм. Анткени жазмакер досторум көп. Алар “сен адабиятка, маданиятка жакынсың, кантип милиция болуп жүрөсүң?” деп калышат.

- Алдыда Рамазан айы келатат. Элге кандай каалооңуз бар?

– Рамазан айы менен жалпы кыргыз элин, айрыкча кесиптештеримди  чын жүрөктөн куттуктайм. Рамазан айы агаруунун, тазаруунун айы эмеспи. Ушул айда урушкандар жарашып, касташкандар достошуп бири-бирин кечиришет. Баарына ынтымакты каалайм. Ал эми милиция кызматкерлерине түйшүктүү иштеринде сабырдуулукту, чыдамдуулукту, токтоолукту каалайт элем. Ылайым жергебизде тынччылык, токчулук, молчулук гана болсун.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru