Айбат » Үсөн аке үкаларын дүңүнөн «банкрот» кылабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Үсөн аке үкаларын дүңүнөн «банкрот» кылабы?

11111111111111

«Карт бөрү» Үсөн Сыдыковду айланчыктаган саясатчылар саясый банкротко учурап келет. Мисалы, манты жеп отурган жеринен такка отургузган Курманбек Бакиеви 2010-жылдын 7-апрелинде Минскиге кире качты.
Ош мэри Мелисбек Мырзакматовду айланчыктады эле, түштүктүн «мен» деген азаматтары андан жүзүн үйрүп кетишти.
Минтип бир бирден «жайлап» отургандан тажадыбы, айтор, түштүктүк үкаларын дүңүнөн «банкрот» кылууга шымалана киришиптир.
«Республикачы» Алтынбек Сулайманов, «Өнүгүү» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев, «ата журтчу» Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков, экс-«ак жолчу» Улугбек Ормонов, экс-элчи Мамбетжунус Абылов, «серый кардинал» Искендербек Гайпкулов сыяктуу фигураларды борбордогу чайханалардын бирине чакырганы мунун айкын далили.
Дасторкон үстүндө баягы эле кептер айтылды: ынтымакка келип, бир саясатчынын тегерегинде чогулуп, азыркы бийликке каршы туруу.
Үсөн акенин көк чайын шорулдата ичип, палоосунан курсактары жарылганча жеген үкалары «ак» да, «көк» да дебей тарап кетишиптир. Амбициясы башынан ашкан, өздөрүн алмашкыс лидер санаган «кочкорлордун» башы бир казандай кайнабай калды го…




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru