Айбат » Жумгалда төкмө акын К.Акиевдин 130 жылдыгына арналган ыр-кесе болуп өттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда төкмө акын К.Акиевдин 130 жылдыгына арналган ыр-кесе болуп өттү

Калык Акиев

Кечээ, 8-июлда Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын Калык Акиев атындагы айылдын тургундары төкмө акын К.Акиевдин 130 жылдыгына арналган «Эл ичи таланттарга бай» аталыштагы «Ыр-кесе 2013» кароо сынагын өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев билдирди.

Ыр-кесе жобого ылайык «Иштерман» жылына карата май айынын башында башталган. Айыл ичиндеги таланттарды издейбиз ураанынын алдында бул күнү айыл тургундары өз өнөрлөрүн тартуулап, кыргыздын улуттук каада-салт, үрп-адаттарын чагылдырышып, баланы бешике салуу салтын арткарышып, куудулдук өнөр тартуулашып, ыр-бий менен өз таланттарын көрсөтүштү.

Эске салсак, Жумгал району боюнча жыл башынан башталган ыр-кесе кароо сынагын Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын тургундары ич ара ар бир айыл аймакка бөлүнүп өз өнөрлөрүн тартуулашууда.

Буга чейин «Майда-Дөбө», «Кантор» шайлоо округдары өткөрүшсө, эми «Кара-Суу» округунун тургундары «ыр-кесени» алышты.

FILE00009 (1)

FILE00009 (5)

FILE00009 (11)

FILE00009 (12)

FILE0013

FILE0045

FILE0065

FILE0119

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru