Айбат » Өкмөт стратегиялык трассаларды реабилитациялоону аяктагандан кийин жергиликтүү жолдорду оңдойт, – премьер-министр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Өкмөт стратегиялык трассаларды реабилитациялоону аяктагандан кийин жергиликтүү жолдорду оңдойт, – премьер-министр

сатыбалдиев

Өкмөт стратегиялык трассаларды реабилитациялоону аяктагандан кийин жергиликтүү жолдорду оңдоп-түзөйт. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 9-июлда эл менен жолугушуу учурунда алардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, республикада 10 стратегиялык трасса бар.

«Биринчи эле бул – Бишкек-Ош, андан кийин Талас-Тараз-Жамбул, Ош-Сарыташ-Эркештам, Түп-Кеген, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Кызыл-Кыя-Исфана, Ысык-Көл айлампасы жана башкалар. Транзиттик өлкө болуш үчүн алар Кыргызстанга иштеп турган абалында керек», – деди өкмөт башчы.

Ал белгилегендей, аталган трассалар алгылыктуу, аларды реабилитациялагандан кийин жергиликтүү жолдор менен көйгөйлөр чечилет.

Булак : Tazabek



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru